Женева жолугушуусу: Лавров өтө эле көп нерсени күтпөй тургандыгын айтты

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Россия ТИМинин жетекчиси АКШдан алардын суроосуна милдеттенмелери туурасында кантип айтып бере турганы кызык болуп жатканын кошумчалаган.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугуудан өтө деле алдыга кеткен жыйынтыкты күтпөстүгүн билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Сиз өткөндө жасаган билдирүүңүздө бул жолугушуудан алдыга кеткен эч нерсени деле күтпөй турганыңызды айттыңыз. Биз дагы өзгөчө эч нерсе күтө албайбыз. Өзүбүз айткан сунуштардын жообун күтүп жатабыз. Сунуштар так айтылган, ушул багыттагы, ошондой эле так, конкреттүү, ЕККУнун жогорку деңгээлинде коопсуздук көйгөйү боюнча темадагы тагылган милдеттерге ылайык келген жоопту угабыз деп турабыз. Анда бир дагы өлкө өз коопсуздугун башка мамлекеттин коопсуздугу менен бекемдебеши керектиги тууралуу айтылган", — деген Лавров Блинкен менен жолугушууну ачып жатып.
Россия ТИМинин жетекчиси АКШ бул боюнча өзүнүн милдеттенмелерин кантип айтып бере турганы кызык болуп жатканын кошумчалаган.
Жолугушууда Блинкен Россия менен диалог ачык каларына ниеттенгенин билдирген.
"Сиз туура айттыңыз. Бүгүн пикир келишпестиктердин чечилишин күткөн жокпуз, бирок ачык диалог менен дипломатияга жол бар деп, ошого үмүттөнүп күтүп жатам. Мен биз ачык диалог менен дипломатиянын жолдору калды бекен деп ниет кылып, аны билүүгө кызыкдар болуп күтүп жатам. Пикир келишпестиктерибизди тынчтык жол менен чечүү үчүн аталган багытта барабыз деп ойлойбуз", — деген жолугушуунун башында Блинкен.
2021-жылдын соңунда Россия коопсуздук жаатындагы АКШ менен түзүлгөн келишимдин, НАТО менен болгон макулдашуунун долбоорлорун жарыялаган. Москва Батыштагы өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышта мындан аркы тамырлашынан, Украинаны альянска кошуудан жана мурдагы советтик өлкөлөрдө аскер базаларын орнотуудан баш тартуу боюнча юридикалык кепилдикти талап кылып жатат.
Бул боюнча 10-январда Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон. Андан кийин Брюсселде Россия — НАТО кеңешинин отуруму пландалган. Булардан соң 13-январда Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Венадагы аянтчасында консультациялар өткөн. Москва эми алардан бул иштердин жыйынтыгы боюнча жоопту кат жүзүндө создуктурбай алууну күтүп жаткандыгын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Блинкен АКШнын Россия менен диалогду улантуу ниетин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0