Блинкен АКШнын Россия менен диалогду улантуу ниетин билдирди

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Американын мамлекеттик катчысы Блинкен Кошмо Штаттар жана анын союздаштарынын Россия менен диалог куруу ою туурасында айткан.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШ жана анын союздаштары Россия менен диалог куруу ниетинде, бирок Украинанын тегерегинде абал курчуп кетсе катуу жооп айтылат деген билдирүүнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мен союздаштар, өнөктөштөр, ошону менен катар эле Украинадагы өнөктөштөр менен да сүйлөшүп, кеңештим. Союздаштар менен тыгыз координацияда болуп, тынчсызданганыбызды бөлүшүп турабыз. Арабыздагы пикир келишпестиктерди чечүү үчүн баарыбыз диалог менен дипломатияны көздөйбүз. Андан сырткары, эгерде Россия Украинага карата агрессиясын улантса, анда биргелешкен, катуу жооп айтылат деп турабыз", — деген Блинкен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда.
Россия Батыш менен Украинанын "агрессиялык кадамдарды жасап жатат" деген билдирүүлөрүн бир нече ирет четке каккан. Эч кимге кооптуулук жаратпай тургандыгын жана кол салуу ою жоктугун билдирген. Ал эми "РФ агрессиялары" туурасында кеп НАТОнун согуштук техникасын россиялык чек арага чукул жайгаштыруу үчүн издеген шылтоосу экендигин белгилеп келет. Мурдараак Россия ТИМи Батыштын "россиялык агрессия" тууралуу айткандары жана Киевге алардан коргонууга жардам беребиз дегени бир чети күлкүлүү болсо, бир чети кооптуу экендигин эске салган.
Анткен менен Киев жана Батыш өлкөлөрү акыркы учурда Украинанын чек арасына жакын жерде Россия тараптан "агрессиялык аракет" күчөп жатат деген нерсени айтып, тынчсызданган болуп келишет. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия өзүнүн аскерлерин өз аймагынын ичинде каалаган жерине жайгаштырарын билдирген. Анын билдирүүсүндө, бул эч кимге келтирилген кооптуулук эмес жана эч ким буга түйшөлбөшү да керек.
Лавров бир нече убакыт мурдараак Украина кырдаалы боюнча айтып жатып Россиянын чыр-чатакка эч кандай негиз жаратпай тургандыгын билдирген.
2021-жылдын соңунда Россия коопсуздук жаатындагы АКШ менен түзүлгөн келишимдин, НАТО менен болгон макулдашуунун долбоорлорун жарыялаган. Москва Батыштагы өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышта мындан аркы тамырлашынан, Украинаны альянска кошуудан жана мурдагы советтик өлкөлөрдө аскер базаларын орнотуудан баш тартуу боюнча юридикалык кепилдикти талап кылып жатат.
Бул боюнча 10-январда Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон. Андан кийин Брюсселде Россия — НАТО кеңешинин отуруму пландалган. Булардан соң 13-январда Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Венадагы аянтчасында консультациялар өткөн. Москва эми алардан бул иштердин жыйынтыгы боюнча жоопту кат жүзүндө создуктурбай алууну күтүп жаткандыгын билдирди.
Донецк облусундагы Украина аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Ким кимди кимден куткарат? Украина жагдайы
Жаңылыктар түрмөгү
0