НАТО, Украина, Вашингтон. Женева жолугушуусундагы урунттуу учурлар

© Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Женева шаарындагы жолугушуусу
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Женева шаарындагы жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Блинкен келерки жумада коопсуздук келишими боюнча Россиянын сунушуна кат жүзүндө жооп бериле тургандыгына убада кылды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Женева шаарында жолугуп, коопсуздук кепилдиги боюнча мурдатан бери уланып келе жаткан маселе боюнча талкууну улантышты. Сүйлөшүү бир жарым саатка чукул созулду.
Төмөндө сүйлөшүү учурундагы олуттуу учурларды сунуштайбыз:
Блинкен келерки жумада коопсуздук келишими боюнча Россиянын сунушуна кат жүзүндө жооп бериле тургандыгына убада берди;
Россия эч качан эч жерде украин элине кооптуулук жараткан эмес;
Украина маселеси өтө көңүл коюп мамиле кыла турган маселе, Украинага коопсуздук боюнча европалык архитектураны чаптап, жармаштыра берүүнүн кереги жок;
Россия Батыштын Украина боюнча чоң сөз кылып долуланып жаткандыгы, "Минск-2" саботажы боюнча Киев багытын жаап-жашырууга жасалган аракети, көздөгөн бутасы деген вариантты четке какпайт;
НАТОнун чыгышты карай жылып, такыр эле бүтпөй койгон кеңейүүсүн токтотуу боюнча Россиянын принципиалдуу мамилеси туурасында кайрадан кайталап айтылды;
Россия менен АКШнын Женевадагы сүйлөшүүсүндө россиялык аскер базалардын Венесуэла жана Кубага жайгашышы боюнча маселе көтөрүлгөн жок;
Батыш коомунун менталитети: аларга баары болот, ал эми башкалар алар уруксат бергенде гана жасашы керек. Россиянын ТИМ жетекчиси жыйындын башында эле Блинкен менен жолугушуудан өтө деле алдыга кеткен эч нерсе күтпөй тургандыгын билдирди;
Блинкен АКШ президенти Жозеф Байден Россия лидери Владимир Путин менен жолугууга даяр экендигин айтты;
Блинкен АКШ менен Россия Женева жолугушуусунан кийин биринин позициясын экинчиси жакшы түшүнгөн жолго түштү деген пикирин билдирди.
2021-жылдын соңунда Россия коопсуздук жаатындагы АКШ менен түзүлгөн келишимдин, НАТО менен болгон макулдашуунун долбоорлорун жарыялаган. Москва Батыштагы өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышта мындан аркы тамырлашынан, Украинаны альянска кошуудан жана мурдагы советтик өлкөлөрдө аскер базаларын орнотуудан баш тартуу боюнча юридикалык кепилдикти талап кылып жатат.
Бул боюнча 10-январда Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон. Андан кийин Брюсселде Россия — НАТО кеңешинин отуруму пландалган. Булардан соң 13-январда Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Венадагы аянтчасында консультациялар өткөн. Москва эми алардан бул иштердин жыйынтыгы боюнча жоопту кат жүзүндө создуктурбай алууну күтүп жаткандыгын билдирди.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Женева жолугушуусу: Лавров өтө эле көп нерсени күтпөй тургандыгын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0