Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Жапаров депутаттарга кайрылып, аскерлерди Казакстанга жөнөтүүнү суранды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы бүгүн Ак үйдүн алдына митингге чыккандарды "популист" деп атап, трагедиядан арзан пиар жасабоо керектигин айтты.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтыкты орнотуучу аскерлерди жөнөтүүгө каршы чыккан жарандарга жана депутаттарга кайрылуу жасады.
Мамлекет башчы аскерлерди казак элине ок чыгарууга эмес, тескерисинче, туруктуулукту орнотконго жардам берүүгө жөнөтүп жатканын белгиледи.

"Ар ким ар кандай ой-пикир айтып, 20-30дай популист трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максатты көздөп Ак үйдүн алдына чыга калышты. Менин сиздерден суранарым, мындай трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болсоңуздар. Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. Биз дагы "жети өлчөп, бир кесип" жатабыз. Армиябызды "митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла" деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпасына терең ишенебиз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтарууга күч жетишпей Кыргызстандан дагы жардам сураганын билдирди. Айрым депутаттар популисттердин айынан буга каршы чыгып жатканын айтат.
"Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУнун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты. Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коелу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот", — деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен гана чечилет. Эл өкүлдөрүнүн бүгүнкү кезексиз жыйыны кворум жоктугунан улам өтпөй калды.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эгер кыргызстандык аскерлер Казакстанга жөнөтүлө турган болсо, акцияларга аралашпай тынчтыкты орнотуу иштерин гана жүргүзөрүн билдирген.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Как миротворцы ОДКБ вылетали на помощь Казахстану — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын Казакстанга жардамга жөнөгөн видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0