Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанга аскерлер кимдин макулдугу менен жиберилет? Конституциядагы норма

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын аскерлери. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Мындай кырдаалда кеминде 60 депутат макулдук бериши керек.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аскер күчтөрүн башка аймактарга чыгаруу маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин макулдугу менен чечилет. Бул туурасында Конституциянын 11-беренесинде жазылган.
Демек, мындай кырдаалда кеминде 60 депутат макулдук бериши керек.
Аталган берене төмөнкүчө:
1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу екүчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасына жана жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат.
Бүгүн саат 14:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулганы жатат. ЖКдагы ишенимдүү маалымат булактар ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси караларын айтууда.
Ал эми түндө президент Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коңшу өлкөдөгү кырдаалды талкуулашкан.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыда ондогон адам жок кылынганы кабарланды
Жаңылыктар түрмөгү
0