https://sputnik.kg/20211229/turak-zhaj-kooperativderi-tuuraluu-1060819508.html
Турак жай кооперативи аркылуу үй алууда эске алчу жагдайлар тизмектелди
Турак жай кооперативи аркылуу үй алууда эске алчу жагдайлар тизмектелди
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков үйдү турак жай кооперативи аркылуу алууда эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын айтты. 29.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-29T10:50+0600
2021-12-29T10:50+0600
2021-12-29T10:50+0600
радио
кыргызстан
турак-жай
укук
мыйзам
кооператив
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/19/1060726741_0:0:3068:1727_1920x0_80_0_0_1a58898467ebfbaffca3815f853a0fbb.jpg
Турак жай кооперативи аркылуу үй алууда эске алчу жагдайлар тизмектелди
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков үйдү турак жай кооперативи аркылуу алууда эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Биринчи эле кезекте ошол кооперативдин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин текшерип алуу керек. Бул үчүн Юстиция министрлигине турак жай кооперативинин аталышын толук көрсөтүп кат жолдосоңуз, биз 14 күндүн ичинде жооп беребиз. Жоопто ал кооперативдин уставынын көчүрмөсү, юридикалык дареги, кимге катталгандыгы, аталышынын өзгөргөнү, айтор, баары көрсөтүлөт. Жашыруун документ болбогондуктан муну билүүгө жарандардын акысы бар. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, кооперативге мүчө болууда жарнамалардан көрүп же таанып-билүү аркылуу эле маалымат алуу жетишсиз. Милдеттүү түрдө юристтерден кеңеш алып коюу керек.Ал кооператив мүчөлөрү эки тараптуу түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн каражатты мөөнөтүндө төлөп туруу мүчөлөрдүн милдети болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/19/1060726741_237:0:2968:2048_1920x0_80_0_0_028b6f8f3c64bf4ff6e94f4bcf83ba38.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, турак-жай, укук, мыйзам, кооператив, аудио
кыргызстан, турак-жай, укук, мыйзам, кооператив, аудио
Турак жай кооперативи аркылуу үй алууда эске алчу жагдайлар тизмектелди
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков үйдү турак жай кооперативи аркылуу алууда эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Биринчи эле кезекте ошол кооперативдин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин текшерип алуу керек. Бул үчүн Юстиция министрлигине турак жай кооперативинин аталышын толук көрсөтүп кат жолдосоңуз, биз 14 күндүн ичинде жооп беребиз. Жоопто ал кооперативдин уставынын көчүрмөсү, юридикалык дареги, кимге катталгандыгы, аталышынын өзгөргөнү, айтор, баары көрсөтүлөт. Жашыруун документ болбогондуктан муну билүүгө жарандардын акысы бар. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кооперативге мүчө болууда жарнамалардан көрүп же таанып-билүү аркылуу эле маалымат алуу жетишсиз. Милдеттүү түрдө юристтерден кеңеш алып коюу керек.
"Адамдын укугу өзү корголушуна кызыкдар болбогон учурда жана өз укуктарын билбеген кезде бузулат. Бизде көбүнесе ушул турак жай кооперативдери боюнча маалыматтын аздыгынан "кооператив пирамида бизнеси экен" деген жаңылыш түшүнүктөр пайда болот. Эгер мыйзам негизинде катталып иштеп жаткан турак жай кооперативи болсо, пирамида бизнеси эмес. Ага мүчө болууда өз укук жана милдеттериңизди так билип алсаңыз жетиштүү. Үй алуу үчүн кооперативге арыз берип, мүчө болгондон тарта бир катар укукка ээ болосуз. Мисалы, жетекчилигин шайлоого, уставын бекитүүдө катышууга, жетекчилерин чакыртып алууга, финансылык отчётторду алганга, бухгалтердик отчётторду укканга жана көз карандысыз аудиттерди жалдаганга укук берилет. Ошондой эле кооперативдердин жыйындарын онлайн өткөрүп же формалдуу түрдө өттү кылып жазып койгонго макул болбой, сөзсүз түрдө жандуу өтүшүн талап кылып катышыңыз. Эгер катышуу мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо ыйгарымдуу өкүлүңүздү жибериңиз", — деди Сыдыков.
Ал кооператив мүчөлөрү эки тараптуу түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн каражатты мөөнөтүндө төлөп туруу мүчөлөрдүн милдети болорун кошумчалады.