Евробиримдик Кыргызстанга 19,4 млн. евро берди. Каражат кайда жумшалат

© AFP / JOHN THYSЕвропа биримдигинин желеги. Архив
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Гранттын бир бөлүгүнө китептер сатып алынып, мектептер интернет менен камсыздалат.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстанга билим берүүнү жана санариптештирүүнү колдоо үчүн гранттык негизде 19,4 миллион евро (1 миллиард 844 миллион сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Алынган каражаттын 7,4 миллион евросу билим берүү тармагына жумшалат. Анын эсебинен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, китептерди сатып алуу жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоо каралган.
Калган 12 миллион евро 2020-2023-жылдарга Кыргызстандын санариптик трансформациясынын Жол картасын колдоо үчүн бөлүнгөн. Ал министрликтерди маалыматтык база менен камсыздоо жана тейлөө программаларын иштеп чыгууга, өлкө боюнча санарип экономиканы илгерилетүүгө сарпталат.
Долбоордун максаты — Инновациялык санарип борборунун ишине көмөк көрсөтүү, бардык региондордо калкка электрондук кызмат көрсөтүүчү Санарип-Аймак системасын активдештирүү, өлкөнүн кибер коопсуздугун жогорулатуу, жеке маалыматтардын корголушун камсыздоо.
Электр энергия менен жүргөн автобус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Бишкектин транспортун электрлештирүүгө чет өлкөдөн 50,6 млн. доллар алынат
Жаңылыктар түрмөгү
0