Бишкектин транспортун электрлештирүүгө чет өлкөдөн 50,6 млн. доллар алынат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЭлектр энергия менен жүргөн автобус. Архивдик сүрөт
Электр энергия менен жүргөн автобус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Макулдашуунун алкагында 25 миллион доллар жеңилдетилген насыя, калган 25 миллион 650 миң доллары грант түрүндө экени маалым болду.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Бишкек шаардык транспортун электрлештирүүгө 50 миллион 650 миң доллар берет. Бул туурасында макулдашууну ратификациялоо долбоору парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозовдун айтымында, макулдашуунун алкагында 25 миллион доллар жеңилдетилген насыя, калган 25 миллион 650 миң доллары грант түрүндө алынат. Кредит 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди эсепке алуу менен 32 жылга берилет.
Ошондой эле ал алты айдын аралыгында электр тогу менен иштечү автобустар келип каларын айтты. Сатып алуу боюнча тендер 15-январда өтөт.
Газ менен жүрүүчү автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Пресс-борбор
Мэрия өкүлү: Бишкекке автобус сатып алууга 33 млн. евро бөлүнүшү мүмкүн
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Корея Жогорку Кеңештин жыйындар залын жабдууга 8 млн. доллар берет
Жаңылыктар түрмөгү
0