https://sputnik.kg/20211224/ernazar-akmataliev-kurosh-bekbulatov-chapkan-ykma-mykty-uchur-1060694898.html
Эрназар Акматалиевдин Бекбулатовду көтөрүп чапканы жылдын мыкты учуру аталды. Видео
Эрназар Акматалиевдин Бекбулатовду көтөрүп чапканы жылдын мыкты учуру аталды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Акматалиев өзбекстандык балбан менен Казакстанда Олимпиадага жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинин жарым финалында кез келген болчу. 24.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-24T12:18+0600
2021-12-24T12:18+0600
2021-12-24T12:58+0600
кыргызстан
спорт
эркин күрөш
uww
эрназар акматалиев
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054116529_0:84:2400:1434_1920x0_80_0_0_11fe2f7d219bc9057a01a8a35596351c.jpg
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин Азия чемпиону Ильяс Бекбулатовду (Өзбекстан) көтөрүп чаап жеңишке жеткенин 2021-жылдагы мыкты учур деп тапты. Бул тууралуу дүйнөлүк уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазды. Анда кыргыз балбаны атаандашынын далысын тийгизип турган сүрөтү жана көтөрүп чаап баскан учурдун видеосу коюлган.Эске салсак, Акматалиев өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу менен апрель айында Казакстандын Алматы шаарында квалификациялык Азия мелдешинин жарым финалында кез келген болчу.Жакында эле UWW уюму Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бири деп тапкан.
https://sputnik.kg/20211223/aysuluu-tynybekova-aziya-en-mykty-balban-kyz-1060663961.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054116529_160:0:2293:1600_1920x0_80_0_0_018e668b7417333e32e9f5e1d3a0cac3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, эркин күрөш, uww, эрназар акматалиев
кыргызстан, спорт, эркин күрөш, uww, эрназар акматалиев
Эрназар Акматалиевдин Бекбулатовду көтөрүп чапканы жылдын мыкты учуру аталды. Видео
12:18 24.12.2021 (Жаңыртылды: 12:58 24.12.2021) Акматалиев өзбекстандык балбан менен Казакстанда Олимпиадага жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинин жарым финалында кез келген болчу.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин Азия чемпиону Ильяс Бекбулатовду (Өзбекстан) көтөрүп чаап жеңишке жеткенин 2021-жылдагы мыкты учур деп тапты. Бул тууралуу дүйнөлүк уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Анда кыргыз балбаны атаандашынын далысын тийгизип турган сүрөтү жана көтөрүп чаап баскан учурдун видеосу коюлган.
"UWW 2021-жылдагы мыкты учурларды тандады: кыргызстандык Эрназар Акматалиев Азия чемпиону Ильяс Бекбулатовго 8:0 эсебинде жеңилип жатып, керектүү учурду кармап, утуп кеткен. Бул жеңиш анын Токио Олимпиадасына баруусуна жол ачкан", — деп белгиленет посттогу комментарийде.
Эске салсак, Акматалиев өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу менен апрель айында Казакстандын Алматы шаарында квалификациялык Азия мелдешинин
жарым финалында кез келген болчу.Жакында эле UWW уюму Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын
жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бири деп тапкан.
23 Бештин айы 2021, 12:30