Бишкектеги ири өрт - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте ири өрт чыкты: эмне болуп жатканы боюнча видео, сүрөт баян

Жазылуу
Бишкек шаарындагы Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде күйүүчү май сакталган челектерден өрт чыкты.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 07:46да Бишкектеги үч бригада жана бир суу ташуучу автоунаа чыгып кеткен.
ӨКМден кошумча маалыматтар бир аздан кийин берилерин айтышты.
Ал жерде эмне болуп жатканын тексттик баяндама менен берип турабыз.
Мазмуну
09:25 21.12.2021
ӨКМ өрттүн чоо-жайын айтты
Алдын ала маалымат боюнча Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинде күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
"Алдын ала билдирме боюнча, күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Учурда жеринде ӨКМдин өрт өчүрүүчү беш бөлүмү иштеп жатат. Анын ичинде штаб, куткаруучулар бар", — деп айтылат маалыматта.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:41 21.12.2021
Өрт өчүрүлдү
Өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди. Акыркы маалымат боюнча жалынды өчүрүүгө беш бөлүм, бир суу ташыган машина, штаб, төрт куткаруучу, РИИБдин кызматкерлери менен Тез жардам кызматы тартылган.
Ушу тапта өрт жалмаган жалпы аянт, материалдык зыян жана кырсыктын келип чыккан себеби такталып жатат.
Жабыркагандар жок.
10:58 21.12.2021
Бишкектеги ири өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Бишкектеги ири өрт кырсыгы. Эки жыл мурда да ушул эле кампадан өрт чыккан
10:07 21.12.2021
Мэр Жунушалиев кырсык болгон жерде
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев да кырсык болгон жерде экенин муниципалитет билдирди. Калаа башчысы өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн шаар кызматтарынын баары катышкан чукул жыйын өткөрмөкчү.
09:59 21.12.2021
09:53 21.12.2021
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
09:52 21.12.2021
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
09:52 21.12.2021
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
09:36 21.12.2021
09:33 21.12.2021
Өрт чектөөгө алынды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт чектөөгө алынганын маалымдады
09:30 21.12.2021
Өрттөн жабыркагандар жок
Ыкчам медицина борборунун жетекчисинин орун басары Егор Борисов кырсыктан жабыркагандар жок экенин айтты. Окуя болгон жерге бир бригада чыккан.
09:25 21.12.2021
ӨКМ өрттүн чоо-жайын айтты
Алдын ала маалымат боюнча Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинде күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
"Алдын ала билдирме боюнча, күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Учурда жеринде ӨКМдин өрт өчүрүүчү беш бөлүмү иштеп жатат. Анын ичинде штаб, куткаруучулар бар", — деп айтылат маалыматта.
09:19 21.12.2021
09:18 21.12.2021
Жабыркагандардын бар-жогу белгисиз
Бишкектин Ыкчам медицина борбору чакыруу түшкөнүн ырастады. Азырынча жабыркагандардын бар-жогу белгисиз.
09:16 21.12.2021
Алгач окуя болгон жерге үч өрт өчүрүүчү бөлүм чыккан. Азыр алардын саны бешке жеткени айтылды.
09:11 21.12.2021
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Крупный пожар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0