Мамытов Садыр Куштарбекович — өмүр баяны

© Фото / Адилет Бактыбек уулуМамытов Садыр Куштарбекович
Мамытов Садыр Куштарбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Жазылуу
Садыр Мамытов 1969-жылы 10-мартта Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун "зоотехник" адистиги боюнча жана Кыргыз улуттук университетин "экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1986-1987 ― Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде ат спорту жана спорттук аттарды даярдоо боюнча чебер;
1987-1989 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1989-2003 ― Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде машыктыруучу;
2003-2009 ― Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
2006-2010 ― Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти;
2009-2010 ― Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;
2015-2019 ― Эл аралык ат спорту федерациясынын мүчөсү, үчүнчү аймактык топтун жетекчиси;
2010-жылдан бери Олимпиадалык резервдеги "Күлүк" адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
2010-2021 ― Улуттук олимпиада комитетинин аткаруучу комитетинин директору;
2010-жылдан бери Азия Олимпиадалык кеңешинин каржы комитетинин мүчөсү;
2019-жылдан бери ат спорту боюнча эл аралык категориядагы калыс.
2021-жылдан тартып Тилектештик комитетинин (FEI) мүчөсү;
2021-жылдын декабрь айынан тартып Улуттук олимпиада комитетинин президенти.
Эл аралык класстагы спорт чебери, эл аралык категориядагы калыс, Кыргызстандын Ат оюндары федерациясынын президенти. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0