https://sputnik.kg/20211212/tokmok-dmitrij-bivol-boks-wba-chempionduk-naam-1054945342.html
Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол WBA боюнча чемпиондук наамын коргоду. Видео
Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол WBA боюнча чемпиондук наамын коргоду. Видео
Sputnik Кыргызстан
30 жаштагы Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону жана рингде бир да жолу жеңилип көргөн эмес. 12.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-12T11:03+0600
2021-12-12T11:03+0600
2021-12-15T23:01+0600
жаңылыктар
спорт
дүйнөдө
токмок
дмитрий бивол
бокс
спортчу
чемпион
жеңүүчү
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0c/1054945304_0:28:1827:1061_1920x0_80_0_0_2b8501c5c0a57044ee03ded86ee92814.jpg
Токмокто төрөлүп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол Дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясындагы чемпиондук наамын коргоп калганын Р-Спорт жазды.Турнир ишемби күнү кечинде Екатеринбургда өткөн. Бивол 12-раунддук кармашты россиялык Умар Саламов менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен. Спортчулар рингде 79,4 килограмм салмакта беттешкен.Бивол ушуну менен 19унчу жеңишин камсыздады, анын 11ин нокаут менен уткан. Рингде бир да жеңилүү ызасын тарткан эмес. Атаандашы Саламов 26 беттеште жеңүүчү болуп (19у нокаут менен), эки ирет утулган.Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. WBC-USNBC версиясы боюнча АКШнын, WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, наамын бир нече жолу коргогон.
токмок
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0c/1054945304_0:0:1689:1061_1920x0_80_0_0_6134bb367908e05399b5dd37d9c68d2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, спорт, дүйнөдө, токмок, дмитрий бивол, бокс, спортчу, чемпион, жеңүүчү, видео, мультимедиа, кыргызстан
жаңылыктар, спорт, дүйнөдө, токмок, дмитрий бивол, бокс, спортчу, чемпион, жеңүүчү, видео, мультимедиа, кыргызстан
Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол WBA боюнча чемпиондук наамын коргоду. Видео
11:03 12.12.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021) 30 жаштагы Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону жана рингде бир да жолу жеңилип көргөн эмес.
Токмокто төрөлүп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол Дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясындагы чемпиондук наамын коргоп калганын Р-Спорт жазды.
Турнир ишемби күнү кечинде Екатеринбургда өткөн. Бивол 12-раунддук кармашты россиялык Умар Саламов менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен. Спортчулар рингде 79,4 килограмм салмакта беттешкен.
Бивол ушуну менен 19унчу жеңишин камсыздады, анын 11ин нокаут менен уткан. Рингде бир да жеңилүү ызасын тарткан эмес. Атаандашы Саламов 26 беттеште жеңүүчү болуп (19у нокаут менен), эки ирет утулган.
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. WBC-USNBC версиясы боюнча АКШнын, WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, наамын бир нече жолу коргогон.