https://sputnik.kg/20211208/korrupciyany-zhoyuu-zhany-koncepciyasy-1054898488.html
Ашымов: кадр тандоодо ачыктык болмоюн коррупция менен күрөшө албайбыз
Ашымов: кадр тандоодо ачыктык болмоюн коррупция менен күрөшө албайбыз
Sputnik Кыргызстан
Көз карандысыз эксперт Самат Ашымов 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү стратегиясы кабыл алынганы менен аны ишке ашыруу механизминин иштелип... 08.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-08T10:21+0600
2021-12-08T10:21+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
самат ашымов
коррупция
күрөш
кадрлар
көйгөй
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/08/1054898377_0:0:3072:1739_1920x0_80_0_0_8c673a3b538b0b9b87c2804d1a22f5e8.jpg
Ашымов: кадр тандоодо ачыктык болмоюн коррупция менен күрөшө албайбыз
Sputnik Кыргызстан
Ашымов: кадр тандоодо ачыктык болмоюн коррупция менен күрөшө албайбыз
Коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган жаңы документтин эффективдүү иштеп кетерине деле кепилдик жок. Анткени ишке ашыруу механизмдери так, даана көрсөтүлгөн эмес. Ал эми аны аныктоого кайра эле ошол кызматта отурган адамдар өздөрү кызыкдар болбойт. Коррупция менен күрөшүүдө кадр маселеси чоң роль ойноорун түшүнүп, Антикоррупциялык кеңештин бул багытта жаңы ыкмаларды киргизебиз деген ою жакшы. Бирок ал башка бир мыйзамга туура келбей калышы ыктымал. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Мамлекеттик кадр кызматынын багытынын өзгөрүшү коррупция менен күрөшүүдө чоң кедергисин тийгизет.Ал "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия" деген аталыштагы ушундай эле документ 2020-жылы да кабыл алынганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/08/1054898377_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_3e65e27295560aaeea790dd76ef66704.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, самат ашымов, коррупция, күрөш, кадрлар, көйгөй
коом, кыргызстан, самат ашымов, коррупция, күрөш, кадрлар, көйгөй
Ашымов: кадр тандоодо ачыктык болмоюн коррупция менен күрөшө албайбыз
10:21 08.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Көз карандысыз эксперт Самат Ашымов 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү стратегиясы кабыл алынганы менен аны ишке ашыруу механизминин иштелип чыгышына кызматтагылар өздөрү кызыкдар эместигин айтты.
Коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган жаңы документтин эффективдүү иштеп кетерине деле кепилдик жок. Анткени ишке ашыруу механизмдери так, даана көрсөтүлгөн эмес. Ал эми аны аныктоого кайра эле ошол кызматта отурган адамдар өздөрү кызыкдар болбойт. Коррупция менен күрөшүүдө кадр маселеси чоң роль ойноорун түшүнүп, Антикоррупциялык кеңештин бул багытта жаңы ыкмаларды киргизебиз деген ою жакшы. Бирок ал башка бир мыйзамга туура келбей калышы ыктымал. Мындай пикирин Самат Ашымов
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик кадр кызматынын багытынын өзгөрүшү коррупция менен күрөшүүдө чоң кедергисин тийгизет.
"Коррупция менен күрөшүүдө кадрлар олуттуу орунда турат. Бирок бизде Мамлекеттик кадр кызматы мурдагыдай эркин эмес. Эми мамлекеттик органдарга кызматкерлерди ведомство жетекчилиги өзү тандайт. Ошондой эле аттестация деген түшүнүк кайрадан кирди. Бул 2003-2004-жылдарга кеттик дегенди түшүндүрөт. Анткени Мамлекеттик кадр кызматы мурдагы функциясын аткарып жаткан учурда аз да болсо кадр тандоодо эркиндик бар болчу. Акчалуулар, тааныш-билиши барлар эмес, билимдүүлөрдүн келишине шарт түзүлчү. Азыр эми жетекчилер өзү каалаган кишини кызматка алып, жактырбагандарын аттестациянын негизинде жумуштан кетире берет. Мындай учурда кантип коррупция менен эффективдүү күрөшүү тууралуу сөз болмок эле. Кадр тандоодо ачыктык болмоюн коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес", — деди Ашымов.
Ал "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия" деген аталыштагы ушундай эле документ 2020-жылы да кабыл алынганын кошумчалады.