"Матч ТВнын" комментатору менен Бишкекте тренинг өтөт. Спорт жылдыздары да катышат
15:43 02.12.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021)
Жазылуу
Москвадан келген конок спорттук баяндамачынын иши, социалдык тармактардын ролу, кадрда иштөө жана башка көптөгөн жагдайлар тууралуу айтты.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиянын "Матч ТВ" телеканалынын комментатору, спорттук берүүлөрдүн алып баруучусу Александр Аксенов Бишкекте жаңыдан журналисттик кесипке киришкендер үчүн тренинг өткөрүүдө.
Бүгүн иш-чаранын биринчи бөлүгү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада башталды. Эртең менен Чыңгыз Айтматов атындагы залда жүздөн ашуун журналисттер жана борбор калаадагы ири университеттердин журналистика факультетинин студенттери чогулушту.

Россиянын "Матч ТВ" телеканалынын комментатору, спорттук берүүлөрдүн алып баруучусу Александр Аксенов Бишкекте жаңыдан журналисттик кесипке киришкендер үчүн тренинг өткөрүүдө

Бүгүн иш-чаранын биринчи бөлүгү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада башталды

Эртең менен Чыңгыз Айтматов атындагы залда жүздөн ашуун журналисттер жана борбор калаадагы ири университеттердин журналистика факультетинин студенттери чогулушту

Москвадан келген конок спорттук баяндамачынын иши, социалдык тармактардын ролу, кадрда иштөө жана башка көптөгөн жагдайлар тууралуу айтып берди

Белгилей кетсек, тренингге Россиядагы эң мыкты комментаторлордун бири Тимур Журавель видеобайланыш аркылуу кошулган

Эртең, 3-декабрда, "Заманбап журналистиканын актуалдуу тренддери" деген темада тегерек стол өтөт.

Тегерек столдун катышуучуларын каттоо 9:30да башталат.

Бардык иш-чаралар Россотрудничество тарабынан уюштурулууда.

Москвадан келген конок спорттук баяндамачынын иши, социалдык тармактардын ролу, кадрда иштөө жана башка көптөгөн жагдайлар тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, тренингге Россиядагы эң мыкты комментаторлордун бири Тимур Журавель видеобайланыш аркылуу кошулган. Ал кыргыз журналисттерине тажрыйбасы менен бөлүшкөн.
Эртең, 3-декабрда, "Заманбап журналистиканын актуалдуу тренддери" деген темада тегерек стол өтөт.
- Катышуучулар (видеобайланыш менен):
- Дмитрий Занин — корреспондент, "Репортер/репортаждын оператору" номинациясы боюнча ТЭФИ сыйлыгынын лауреаты;
- Константин Генич — россиялык журналист жана футболдук комментатор;
- Екатерина Гамова — россиялык волейболчу, эки жолку дүйнө чемпиону;
- Эмма Гаджиева — көркөм муз тебүү боюнча ийгиликтүү YouTube-долбоорлордун автору;
- Дмитрий Федоров — КХЛ-ТВнын жетекчиси, алып баруучу жана комментатор;
- Нобель Арустамян — Россиянын башкы футболдук инсайдери.
Тегерек столдун катышуучуларын каттоо 9:30да башталат. Бардык иш-чаралар Россотрудничество тарабынан уюштурулууда.