Байсалов: "Шайлоо" системасы үзгүлтүккө учураган эмес, таблицадан ката кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Өкмөт өкүлү эгерде бийлик шайлоонун жыйынтыгын жасалмалагысы келсе, катышкандардын саны мынчалык төмөн болмок эмес деген пикирин билдирди.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Шайлоо" автоматтык системасынын иши эч кандай үзгүлтүккө учураган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, эртең менен президенттин администрациясы автоматтык түрдө добуштарды эсептеген урнада (АСУ) эмне мүчүлүштүк кеткенин тактаган.
"Шайлоо" системасында эч кандай катачылык кетпептир. Кеп жарыяланган таблицанын бириндеги программалык ката тууралуу болуп жатат. Ал беттеги формула туура эмес берилген", — деген ал.
Байсалов жакынкы убакытта БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмө бериши керектигин айтты.
Ошондой эле ал эгерде бийлик шайлоонун жыйынтыгын жасалмалагысы келсе, катышкандардын саны 32 пайыздан көп болмок деген пикирин билдирди.
"Бул жасалмалоо эмес. Добуштар али саналып бүтө элек. Акыркы расмий жыйынтык кагаз бюллетендер саналгандан кийин жарыяланат. Партиялар менен көз карандысыз байкоочулар кош эсептөө жүргүзүп жатат. Аудит жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдарды чакырууга даярбыз", — деди Байсалов.
Эске салсак, 28-ноябрда кечинде шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участогунда добуштарды санап жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Парламентке өтпөй калган 4 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыкканын айткан. Анын түшүндүргөнүнө караганда, автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырмачылык чыгып, техникалык мүчүлүштүк кеткен.
Добуштардын 93,34 пайызы саналып бүткөн учурда "Ата-Журт Кыргызстан" – 16,36, "Ишеним" – 13,09, "Ынтымак" – 10,48, "Альянс" – 7,98, "Бүтүн Кыргызстан" – 6,5, "Ыйман Нуру" партиясы 5,88 пайыз добуш алды.
Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Акыркы жыйынтыкты БШК 18-декабрга чейин жарыялайт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин улам жаңыланып турган инфографикасынан ким депутат болуп келгенин билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0