Статком: Кыргызстанда кумшекер кымбаттап жатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКумшекер. Архив
Кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Статком республиканын 18 калктуу конушунда күнүмдүк жашоодогу маанилүү азыктардын орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзгөн.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекер азыгына болгон орточо баа 68,95 сомго жетти. Бул туурасында өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Статком республиканын 18 калктуу конушунда күнүмдүк жашоодогу маанилүү азыктардын орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзгөн.
Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Быйыл өлкөдө эт көп өндүрүлдү. Жылкы көбөйүп, тоок азайды
Анын жыйынтыгына ылайык, 16-ноябрга карата өлкө боюнча кумшекердин орточо наркы 68,95 сомду түзүп, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 15 сомго же дээрлик 27 пайызга жогорулаган.
Кумшекерге болгон эң жогорку баа Оштун Кара-Суу районунда катталган. Бир килограмм кант азыгы 76,48 сом болгон. Ал эми эң арзан кумшекер Жалал-Абаддын Кербен районунда (бир килограммы 65,00 сом) сатылган.
Ноябрда өткөн айга салыштырмалуу республика боюнча кумшекердин чекене баасы 1,2 сомго же 1,8 пайызга жогорулады.
Жаңылыктар түрмөгү
0