ЖМК менен соцтармактарга байкоо салынууда. ИИМ шайлоо алдында эскертүү жасады

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги шайлоо участкасында аял добуш берип жатат. Архив
Бишкектеги шайлоо участкасында аял добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Милиция жарандардан шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды байкаган учурда 102 телефон номуру аркылуу кабарлоосун эске салды.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартип кантип сакталарын дагы бир ирет эскертип, буга чейин эреже бузгандар каттоого түшкөнүн билдирди.
Алгач тартипти сактоо үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын санап берди:
  • шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын күч-каражаттары эсептелип чыкты;
  • ИИМ жарандардын арасында коомду козутууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн ЖМКларга, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп жатат;
  • шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү максатында ИИМ шайлоо мыйзамдарынын бузулушун алдын алууда.
Ал эми буга чейинки тартип бузгандар тууралуу айтсак, шайлоо жол-жобосун бузган 73 факт кездешкен.
Алардын ичинен 19 факт Жазык кодексинин 192 ("Шайлоочуларды сатып алуу"), 182 ("Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" жана 200-беренелери ("Уурдоо") боюнча катталган.
Шайлоонун кызыгы көп эрежелери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Бул жолку депутаттар кантип шайланат? Кызыгы көп эрежелер тууралуу видео баян
17 факт Жоруктар жөнүндө кодекстин 119 ("Майда бейбаштык"), 87-1 ("Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу", 94 ("Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу") жана 90-беренелери ("Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо") менен каттоого алынган. Калган 37си кайра карап чыгууга жиберилип же башка өндүрүш ишине кошулган.
Милиция жарандардан шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды байкаган учурда 102 телефон номуру аркылуу кабарлоосун суранат.
Жаңылыктар түрмөгү
0