3 жыл мурунку трагедия: "Зимняя вишня" комплексинде өлгөндөр боюнча сот өкүмү чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүү"Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт. Архив
Зимняя вишня соода борборунда чыккан өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
2018-жылы 25-мартта Россиянын Кемерово шаарындагы төрт кабаттуу соода-оюн-зоок имаратында өрт чыгып, 64 киши каза тапкан. Көбү жаш балдар болгон.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кемерово (Россия) соту "Зимняя вишня" соода борборунда 2018-жылы чыккан өрттөн көз жумган 60 кишинин өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өрт боюнча алгачкы кылмыш иштин бардык фигуранттарын Завод райондук сотунун судьясы Николай Быданцев эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.
Алар:
  • "Кемеровский кондитерский комбинат" ЖЧКсынын (соода борборунун ээси) башкы директору Юлия Богданова 14 жылга соттолду;
  • Ушул эле ишкананын техникалык директору Георгий Соболев — 11 жылга;
  • "Зимняя вишня" ЖЧКсынын башкы директору Надежда Судденок — 13,5 жылга;
  • кароолчу Сергей Антюшин — 8 жылга;
  • Өрт өчүрүү кызматынын биринчи отрядынын начальниги Андрей Бурсин — 6 жылга;
  • № 2 өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын начальниги Сергей Генин — 5 жылга;
  • "Системный интегратор" компаниясынын жетекчиси Игорь Полозиненко — 6,6 жылга;
  • ошол эле компаниянын өрткө каршы системасынын инженери Александр Никитин — 5,5 жылга.
Афроамерикалык Жордж Флойдду өлтүргөн полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовин сот учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Кечирим сураган жок. Флойдду өлтүргөн полиция кызматкери 22 жылга кесилди
Судденок, Соболев, Богданова жана Антюшин коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөткөндүгү үчүн, Полозиненко менен Никитин өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн эркинен ажыратылды. Генин жана Бурсин өз ишине адам өлүмүнө алып келгидей шалаакылык кылды деп айыпталды.
Эске салсак, 2018-жылы 25-мартта Россиянын Кемерово шаарындагы төрт кабаттуу соода-оюн-зоок имаратында өрт чыгып, 64 киши каза болгон. Алардын көбү жаш балдар эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0