Бишкекте 6-октябрда Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жол белгилери "Жол оңдоо" жана "Айланма жол". Архив
Бишкектеги жол белгилери Жол оңдоо жана Айланма жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү Кайгуул милициясынын башкармалыгы жана Бишкектин ИИББи менен макулдашылгандыгы айтылды.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Борбор калаада 6-октябрда Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз Темир Жолу" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул күнү саат 22:00дөн 08:00гө чейин жолду асфальттоо жана темир жол өтмөгүндөгү (3780-чакырымындагы) плиталарды алууну пландап жатышат.
6-октябрда темир жолдун көзөмөлгө алынган №1 өтмөгүндөгү (3780-чакырымында) жол жабык болот.
Бул иштерди жүргүзүү Кайгуул милициясынын башкармалыгы жана Бишкектин ИИББи менен макулдашылгандыгы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0