https://sputnik.kg/20210928/kyrgyzstan-kyz-kelinder-hokkeji-1054047048.html
Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык
Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык
Sputnik Кыргызстан
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин айтты. 28.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-28T12:42+0600
2021-09-28T12:42+0600
2021-12-15T22:59+0600
https://sputnik.kg/img/102454/69/1024546914_0:187:6016:3572_1920x0_80_0_0_1d88aa384dcc79d158058eb7f904f10c.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102454/69/1024546914_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_fe6573b258458ef6618221f7efc34a69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт
Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык
12:42 28.09.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин айтты.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кыз-келиндер арасында хоккейди өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу КР Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Айваз Оморканов — Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти" аталышындагы маалымат жыйынга катышты.
Ага журналисттер "Кыргызстанда аялдар арасында хоккейге качан көңүл бурулат?" деген суроо узатышкан.
"Ысык-Көл облусунун Отрадное айылында кыз-келиндердин хоккей боюнча командасы түзүлүп, алар борборго чейин келип ойноп жүрүшөт. Бул нерсе бизди бир топ шыктандырды. Азыр Ысык-Көлдөн тышкары Бишкекте жана Нарында хоккей ойногон кыздар бар. Негизи кыздар арасында хоккейдин эркектердикинен бир аз айырмасы бар. Алардын баарын эске алуу менен кыз-келиндерди дагы бул спортко тартууга аракет көрүп жатабыз", — деди Жакыпов.
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин кошумчалады.