https://sputnik.kg/20210909/taliban-afganistandyk-ayaldar-sport-mashyguu-tyyuu-saluu-1053849117.html
"Талибан"* афганистандык аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салды
"Талибан"* афганистандык аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салды
Sputnik Кыргызстан
Афганистана бийликти колго алган "Талибан"* өлкөдө аялдардын спорт менен машыгуусуна тыюу салынганын жарыялады. 09.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-09T10:49+0600
2021-09-09T10:49+0600
2021-12-15T16:09+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/09/09/1053849084_0:0:2730:1544_1920x0_80_0_0_21d1be42b9101d0d76da84d5b4054519.jpg
афганистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/09/1053849084_0:0:2730:1716_1920x0_80_0_0_0a7caa736f085ac6c94c430be5dbed22.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
афган бийлиги менен талибдердин тиреши, жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, "талибан" кыймылы, афганистан
афган бийлиги менен талибдердин тиреши, жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, "талибан" кыймылы, афганистан
"Талибан"* афганистандык аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салды
10:49 09.09.2021 (Жаңыртылды: 16:09 15.12.2021) Афганистана бийликти колго алган "Талибан"* өлкөдө аялдардын спорт менен машыгуусуна тыюу салынганын жарыялады.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. "Талибан" комиссиясынын башчысынын маданият боюнча орун басары Ахмадулла Васик Афганистанда аялдар спорт менен алектене албай турганын билдирди. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
Ал белгилегендей, бул тыюу улуттук командадагы спортчу кыз-келиндерге да тиешелүү.
"Аялдарга крикет ойноого болбойт деп ойлойм. Оюн учурунда алардын бети же денесинин башка жери ачылып, элге көрүнүп калышы мүмкүн. Исламда аялдардын денеси көрүнбөшү керек. ЖМКларга сүрөттөрү, видеолору чыкса элдин баары көрөт. Ислам жана Ислам Эмирлиги аялдардын крикет ойноосуна же алардын жүзү, келбети (фигурасы) көрүнгөн кандайдыр бир спорт менен алектенүүсүнө жол бербейт", — деген Васик.
Бул чечим өз кезегинде Афганистандын крикет боюнча эркектер курама командасынын Австралия менен беттешине кедергисин тийгизет. Анткени Эл аралык крикет кеңеши (ICC) бекиткен эрежеге ылайык, уюмга мүчө болгон 12 мамлекеттин баарында эркектер жана аялдар командасы болушу зарыл.
Крикет азыркы учурда Афганистанда эң кеңири жайылган оюн болуп саналат. Өткөн жылдын ноябрында Афганистандын Крикет боюнча кеңеши менен 25 спортчу кыз-келин келишим түзгөн. Төңкөрүштөн кийин алардын көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кетишкен.