Жолдоштук беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров күбө болуп, кыргызстандык футболчулар да мыкты оюн көрсөтө алышты. Беттештин ортосунда Азамат аттуу жигит трибунага "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген жазуу менен плакат жайдырып, кызынын колун сураганга жетишти.
Бүйүр кызыткан беттеште Кыргызстан курама командасы Бангладешти 4:1 эсебинде утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Бангладеш курама командасынын оюну башталып жатат. Гимн, колдорун көкүрөккө койгон "ак шумкарлар"
Кыргызстан менен Бангладеш курама командасынын оюну башталып жатат. Гимн, колдорун көкүрөккө койгон "ак шумкарлар"
© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдоштук мелдешти көрүүгө стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров келди
Жолдоштук мелдешти көрүүгө стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров келди
© Sputnik / Табылды КадырбековОюн башталды. Беттеште Кыргызстандын курама командасы мыкты даярдыгын көрсөттү
Оюн башталды. Беттеште Кыргызстандын курама командасы мыкты даярдыгын көрсөттү
© Sputnik / Табылды КадырбековБангладештин футболчулары да кем калган жок
Бангладештин футболчулары да кем калган жок
© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өттү
Жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековЭсепти Алимардон Шүкүров ачты
Эсепти Алимардон Шүкүров ачты
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык спортчулар бир нече жолу чабуул койду
Кыргызстандык спортчулар бир нече жолу чабуул койду
© Sputnik / Табылды КадырбековКомандалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашты
Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашты
© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи таймдын аягында стадиондо өзгөчө жаңылык болду. Анда трибунанын чыгыш тарабында "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакат жайылган
Биринчи таймдын аягында стадиондо өзгөчө жаңылык болду. Анда трибунанын чыгыш тарабында "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакат жайылган
© Sputnik / Табылды КадырбековБул Азамат аттуу жигиттин сүйлөшкөн кызына жасаган "сюрпризи" болду. Дал ошол жерден ал Жибек аттуу кыздын колун сурап, кучак толо гүл берди
Бул Азамат аттуу жигиттин сүйлөшкөн кызына жасаган "сюрпризи" болду. Дал ошол жерден ал Жибек аттуу кыздын колун сурап, кучак толо гүл берди
© Sputnik / Табылды КадырбековКайрадан оюн башталып, экинчи таймда кыргызстандык команда атаандашынын дарбазасына топ киргизди
Кайрадан оюн башталып, экинчи таймда кыргызстандык команда атаандашынын дарбазасына топ киргизди
© Sputnik / Табылды КадырбековОшол эле учурда Бангладештин футболчулары да бир ирет топ киргизип, эсепти 3:1 кылып жаңылашты
Ошол эле учурда Бангладештин футболчулары да бир ирет топ киргизип, эсепти 3:1 кылып жаңылашты
© Sputnik / Табылды КадырбековБуга чейин Кыргызстандын командасы палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан
Буга чейин Кыргызстандын командасы палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан
© Sputnik / Табылды КадырбековДөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго бул ирет 14 миңге чукул футбол сүйүүчүлөрү келди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго бул ирет 14 миңге чукул футбол сүйүүчүлөрү келди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргызстан атаандаштарынын дарбазасына дагы бир топ киргизип кубантты. Эсеп 4:1
Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргызстан атаандаштарынын дарбазасына дагы бир топ киргизип кубантты. Эсеп 4:1
© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйынтыгында алар эки команданы утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды
Жыйынтыгында алар эки команданы утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык футболчулар кызыктуу оюн көрсөттү
Кыргызстандык футболчулар кызыктуу оюн көрсөттү