"Кыргыз алтын" америкалык компаниянын доосуна жооп берди

© REUTERS / Mariya GordeyevaХранилище Национального банка Казахстана
Хранилище Национального банка Казахстана  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Алтын жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы май айындагы форс-мажордук кырдаалга байланыштуу болгону айтылды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Кыргыз алтын" ишканасы америкалык компаниянын доосу боюнча жооп берди.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Баткен милициясы алтын ишканасына кол салуулар боюнча түшүндүрмө берди
Белгилей кетсек, өткөн жумада финансылык кызмат көрсөткөн америкалык StoneX Group Inc. компаниясы 1 миллион долларлык доо менен сотко кайрылган. Анда май айында "Кыргыз алтын" жарым тонна алтындын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратып, 29 миллион долларды алып алууга аракет жасаганы айтылган. Доо арыз Лондондогу соттордун биринде каралат.

"Кыргыз алтын" мындай айыптоону четке кагып, ар дайым мыйзамга баш ийген жана өзүнүн беделин жогору баалаган мекеме болуп келгенин белгилеген.

"Макулдашуу учурунда жеткирүүгө байланыштуу бардык өзгөртүүлөрдү "Кыргыз алтын" менен StoneX бири-бирине маалымдап келген. Мындай учурда StoneX кызматкерлери тиги же бул меселени чечүү үчүн бизге кайрылчу. Бирок алар төлөм реквизиттерин өзгөрткөнүн биз 21-майда ЖМКлардан угуп жатабыз. "Кыргыз алтын" ААКтын өзгөртүлгөн төлөм тапшырмалары делген кол тамгага эч кандай тиешеси жоктугун дагы бир ирет билдиребиз", — деп жазылган маалыматта.

Ал эми жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы боюнча компания StoneX дарегине форс-мажордук кырдаал жаралып калганы тууралуу маалымдама жибергенин айтат. "Кыргыз алтындын" алтын экспорттого лицензиясы токтотулган. Мунун айынан милдеттемени аткаруу мүмкүн болбой калганын белгилешти.

"Компания коюлуп жаткан айыптоолор менен макул эмес. Учурда юристтерибиз "Кыргыз алтындын" кызыкчылыгын коргоо боюнча иштеп жатат. Жакынкы күндөрү бул маселе чечилет деп үмүт артабыз. Өз кезегинде "Кыргыз алтын" эл аралык эреже, норма, жобо жана стандарттар баалуу металл өндүрүүнүн бардык циклинде кепилденгенин белгилейт", — деп жазылган билдирүүдө.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Кумтөр голд компани (КГК) ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Тизелетүү аракетиңер таш кабат. Бөлтүрүк Centerra башчыларына жооп кайтарды
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр Голд Компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0