"Кыргыз алтын" Centerra ишканасынын 29 млн. доллар боюнча айыптоосуна жооп берди

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Буга чейин канадалык компания "Кыргыз алтын" документтерди жасалмалоо жолу менен уруксат берилбеген эсепке миллиондогон долларларды которууга аракет кылганын айтып чыккан.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын төлөм боюнча документтердин жасалма экендиги жана 29 миллион доллардын уруксат берилбеген эсепке которулушу боюнча айыптоосу бир топ суроолорду жаратууда. Мындай позициясын "Кыргыз алтын" ишканасы билдирди.
Кыргыз өкмөтү "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкарууга алгандан кийин Centerra билдирүү тараткан. Анда "Кыргыз алтын" мыйзамсыз түрдө транзакция кылууга аракет жасаганы айтылган.
"Кыргыз алтын" ААКсы бул күндөрү төлөм тууралуу документтерди жасалмалаган эмес, ал тургай эч кандай финансылык операцияларды ишке ашырган жок. "Кыргыз алтын" мыйзамга баш ийген жана өзүнүн беделин жогору баалаган мекеме. Сenterra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөгү кырдаалга байланыштуу абалын түшүнүп жатабыз. Бирок мындан ары "Кыргыз алтындын" дарегине курулай жалаа жабуудан алыс болуусун өтүнөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.
Компаниядан кошумчалашкандай, сөз болуп жаткан 12-май күнү "Кыргыз алтын" алтынга байланыштуу эч бир операция кыла алмак эмес. Анткени сырттан башкаруу токтомун парламент 17-май күнү кабыл алган.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Кубатбек Кожоналиев "Кумтөр" компаниясында жетекчилик кызматка дайындалды
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.
17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.
21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр Голд Компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызын Кыргызстан ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0