БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Гүлмира Абдралиева Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Абдралиева башка кызматка кеткендигине байланыштуу ордун бошоткон. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка жарлыгы менен транспорт жана коммуникациялар министри болуп Эркинбек Осоев дайындалды.