Бишкекти жаңы жетектей баштаган Сарыбашов ишембиликке катышты. Сүрөттөр
Бишкекти жаңы жетектей баштаган Сарыбашов ишембиликке катышты. Сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Сарыбашовдон тышкары, ишембиликке Ленин районунун акими Мурат Осмонов, вице-мэрлер жана башка кызматкерлер катышты. Алар скверди жана унаа каттаган жолго чейин... 07.08.2021, Sputnik Кыргызстан
Сарыбашовдон тышкары, ишембиликке Ленин районунун акими Мурат Осмонов, вице-мэрлер жана башка кызматкерлер катышты. Алар скверди жана унаа каттаган жолго чейин тилкени тазалашты.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов Жумушчулар шаарчасындагы "Люкс" сквериндеги ишембиликке катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Алар скверден сырткары унаа каттаган жолго чейин тилкени тазалашты.
Маалыматка караганда, бул аймакты түп-тамыры менен реконструкциядан өткөрүү пландалып жатат.
“Сарыбашовдон тышкары, иш-чарага Ленин районунун акими Мурат Осмонов, вице-мэрлер жана башка кызматкерлер катышты. Алар скверден сырткары унаа каттаган жолго чейин тилкени тазалашты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Сарыбашов бул кызматка ушул аптанын башында дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарын жетектеп келген.