Кышка чейин Бишкектин 32 көчөсүнүн жолу оңдолуп бүтөт

© пресс-служба мэрии города БишкекЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Курулуш иштери ушул жылдан ноябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилери айтылды. Бул Кытайдан алынган гранттын эсебинен жасалууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында узундугу 40,15 чакырым болгон 32 көчөнүн жолу оңдолууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Курулуш иштери ушул жылдан ноябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилери айтылды.

Оңдолуп жаткан көчөлөр:

  • Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Карасаев көчөсүнүн Байтик баатырдан Кара-Дарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Кара-Көлдөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо көчөсүнө чейинки (Ак-Ордо жаңы конушу) бөлүгү;
  • Стадион көчөсүнүн Абдрахмановдон Магистралга чейинки бөлүгү (Ынтымак конушу);
  • Ажыбек баатыр көчөсүнүн Жунусалиевден Манас проспектине чейинки бөлүгү;
  • Жолон көчөсүнүн Ашардан Алыкуловго чейинки бөлүгү.
  • Буденный көчөсүнүн Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү;
  • Жукеев Пудовкин көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
  • Матросов көчөсүнүн Ахунбаевден Медеровго чейинки бөлүгү;
  • Өмүр көчөсүнүн Тимур Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейинки бөлүгү.

"Бишкек шаарынын көчө тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 2021-жылы 44 тилкени, 2022-жылы 16 көчөнү реконструкциялоо жана 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда. Оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Подрядчы China Road and Bridge Corporation компаниясы.

Жаңылыктар түрмөгү
0