Эсеп 8:1. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешин жеңди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Биринчи үч мүнөттүктө Айпери 1:0 эсебинде уткан. Экинчи бөлүктө Айпери Медет кызы эсепти 8:1 кылып жеңип алды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада мелдешиндеги алгачкы беттешин утту.

76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы 8/1 финалдык этапта казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөштү.

Биринчи үч мүнөттүктө Айпери 1:0 эсебинде уткан. Экинчи бөлүктө Айпери Медет кызы эсепти 8:1 кылып жеңип алды.

Машыктыруучу Нурбек Изабеков “иштеш керек, аягына чейин иште!” деген көрсөтмөлөрдү берип жатты.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы олимпиада чемпиону (Лондон-2012), россиялык Наталья Воробьева менен кез келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0