БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп дайындалат. Бул тууралуу бийлик органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы кабарлады.
Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. Ага чейин Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, былтыркы жылдын февралында кызматтан алынган.
Белгилей кетсек, Ош шаарын 2018-жылдан бери Таалайбек Сарыбашов жетектеп келген. Жакында эле ал жаңы шайланган депутаттар бул кызматты кайра сунуштаса макул болорун билдирген.