Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов мээ шишиктерине күнүнө ондон операция жасалып жатканын айтты.

Мээнин шишиги эмнеден пайда болору дагы деле белгисиз. Бирок окумуштуулардын божомолуна караганда, тукум куучулук, радиация, экологиянын бузулушу, андан сырткары, химиялык заттар менен көп иштөө таасир этет. Бул тууралуу Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы он жылда компьютердик томография жайылып, элге жеткиликтүү болуп калгандан кийин диагностика кыйла жеңилдеп калды.

"Адамдын мээси дагы деле толук изилденип бүтө элек табышмактуу орган. Ошондуктан мээ, жүлүн ооруларынын диагнозун коюу, дарылоо абдан татаал. Жыл өткөн сайын нейрохирургияга байланыштуу изилдөөлөр жүрүп, жыйынтыгын окумуштуулар жарыялап жатат. Ошентсе да булар органды толук таанып-билүү үчүн жетишсиздик кылат. Кыргызстанда акыркы он жылда нейрохирургиянын абалы жакшырды. Мээге операция жасоонун заманбап, жогорку технологиялык ыкмалары жайылууда. Бейтаптарга инвазивдик операция жасап жатабыз. Жыл өткөн сайын баш сөөгүнөн, мээсинен жаракат алгандар көбөйүп бара жатат. Өзгөчө автоунаа кырсыктарынын кесепетинен мээси жабыркаган бейтаптар көп болууда. Көпчүлүгү майып болуп калып же толук жакшы болуп кете албай жатышат. Андыктан бул маселеге да көңүл бурулушу керек. Ошону менен бирге мээ шишиктеринен жабыр тарткан бейтаптар да көп. Күнүнө ондон операция жасап жатабыз. Шишик негизги кан тамырды каптап өсүп калган учурлар болот. Ошондуктан мээдеги шишикти башка органдардагыдай кылып толук алып сала албайбыз. Убакыт өткөндөн кийин ал кайра өсө берет. Шишик мээдеги тамырларды кысканда бейтаптын бир капталы иштебей, шал болуп же сүйлөй албай калат. Азыр оорулуу 90 пайыз жакшы болуп кетсе,  биз үчүн чоң жеңиш", — деди Ырысов.

Нейрохирург мээдеги залалдуу шишикке караганда залалсызы өтө кооптуу экенин, себеби ал химиялык нур менен дарылоону тоготпой турганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0