НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDСаммит НАТО 2021 в Брюсселе
Саммит НАТО 2021 в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянстын июнь саммити мурдагыларынан артыкчылыгы жана коопсуздуктун толук ойдон чыгарылган коркунучтарын өзгөчө тартипте жайгаштырганы менен айырмаланды.
НАТОнун жыйынтыктоочу билдирүүсүндө координаттардын бурмаланган тутумунда Россия "негизги кооптуулук" катары мүнөздөлүп, бир топ айырма менен экинчи саптан Түндүк Корея менен Иран орун алган. Бейпил Беларусь Республикасы коопсуздукка коркунуч келтиргендер тизмегинде үчүнчү, ал эми Кытай араң төртүнчү болуп көрсөтүлгөн. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар түндүк атлантикалык альянстын кезектеги саммитинин жыйынтыгын талдап чыккан.
Тең укуктуу, көз карандысыз мамлекеттерди "сортко" бөлүүгө дүйнөдө НАТОго эч ким ыйгарым укук берген эмес. Анан калса планета калкынын он чакты пайызынын гана кызыкчылыгын коргогон альянстын "айыптоочу" аргументтеринин акылга сыярлык тарабы жок. Брюсселдик саммиттин 14-июндагы билдирүүсү маңызында Россияга каршы көп сөздүү, маңызсыз, КМШ өлкөлөрү жана бүтүндөй адамзатка кооптуу "манифест" болуп саналат.
"Россиялык коркунучка" билдирүүнүн "айыптоочу тыянагынын" ондон ашуун, тагыраак 9 – 15, 25, 46, 50, 54-пунктулары арналган. Салыштырсак, Корея Элдик Демократиялык Республикасы менен Иранга бирден гана (51 жана 51), "кытай коркунучу" эки пункт (55 – 56) менен белгиленген. Документ парадоксалдуу. Альянс соңку чейрек кылымда Иран, Афганистан, Ливия, Югославия, Сирияны активдүү бомбалап келген эмеспи. Анан "Россиянын агрессивдүү аракеттери евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч туудурат" деген билдирүү жасоого акысы болушу мүмкүнбү? Ошону менен бирге эле билдирүүдө блок 25 жылдан ашуун РФ менен өнөктөштүктө өз эл аралык милдеттенмелерин аткарып келет, ал эми Россия "баалуулук, принцип, ишеним жана милдеттенмелерди бузганын улантып жатканы" баяндалат.
Женевадагы Вилла Ла Гранж - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү. Женева саммитинен эмнелерди күтүп болбойт?
"Өнөктөштөр" реалдуу дүйнөгө кайткылары жок. АКШ жана Европа биримдиги тарабынан уюштурулган Киевдеги мамлекеттик төңкөрүш, Крымдын РФ курамына кайтарылышы, НАТОнун 2014-жылы Уэльстеги саммитинен кийин "Россия менен болгон бардык жарандык жана аскердик кызматташуулар токтотулган". Кыязы Москва өкүнүп, "басып алган" аймактарды, атап айтканда: Крымды – Украинага, Абхазия менен Түштүк Осетияны – Грузияга, Приднестровьени – Молдовага берүүгө тийиш деп күтүшкөндөй. Антпесе Брюссель коопсуздук жаатында "түндүк атлантикалык союздун чыгыш бөлүгүнө аскердик жайгашуунун эсебинен начарлап бараткан кырдаалга чара көрүүнү" убадалайт. Саммитте келтирилген жүйөлөр бурмаланган дүйнө таанымды чагылдырып, Франция президенти Эммануэль Макрондун жакындагы эле НАТОнун "мээси иштен чыкканы" боюнча бүтүмүн эстөөгө аргасыз кылды.
Тынчтык жана коопсуздук жөнүндөгү сөздөргө жамынуу менен Кошмо Штаттар жана союздаштары коңшу өлкөлөр жана элдердин тагдырын ойлоп койбостон Россия менен күрөшүүгө камынууда.

Негизсиз айыптоолор

Түндүк атлантикалык альянсты Россиянын ар кыл багытта өр алып бараткан аскердик күчү тынчсыздандырат. Жаңы аскердик потенциалы, "НАТОнун чек араларына жакын жердеги чагымчылдык иши", алдын ала кабарланбаган кеңири масштабдагы окуулар, Крымда аскердик кубаттуулукту чыңдоо, Калининград облусунда кош багыттагы заманбап ракеталарды жайгаштыруу, Беларусь менен аскердик интеграция... Мында Россиянын альянска мүчө-өлкөлөрдүн чек араларына жакындабаганын, тескерисинче, НАТОнун россиялык чек араларга чейин кеңейтилгенин эскертүүгө туура келет. Анан да КМШ мейкиндигинде бир топтон бери "түстүү революциялар" форматындагы гибриддик согуштарды жүргүзүп жүрөт.
НАТО – гуманитардык уюм эмес, РФтин коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч туудурат. Москва менен Минскинин реакциясы кыйла мыйзам ченемдүү. Анткени альянстын Европадагы (Югославия), Жакынкы Чыгыштагы (Ирак, Афганистан, Сирия), Африкадагы (Ливия) жана көптөгөн башка жактардагы геосаясий "түзөтүүлөрү" эстен кете элек.
Активная фаза учений Rapid Trident на Украине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
"Кооптуу сценарий бар": Батыш эмне үчүн аскердик күчүн Украинага тартууда?
Колго кармаарлык далилдердин жоктугунан улам НАТО Россияга "союздаштардын шайлоолоруна жана демократиялык процесстерге кийлигишүүгө", "жалган маалымат таратуучу кеңири масштабдагы кампанияларды уюштурууга", альянстын аймагында "россиялык атайын кызматтардын мыйзамсыз жана кыйратуучу аракеттерге барды" деп кине коюп, РФти Чех Республикасы жана Кошмо Штаттарды "достукка жат өлкөлөр" катары аныктаманы жокко чыгарууга үндөөдө. Ошондой эле Россия бир катар орто жана кыска аралыкка багытталган ракеталар комплекстерин жайгаштыруу менен "НАТОну мажбурлоону" көздөп өзүнүн өзөктүк арсеналын диверсификациялап жатканын айтат. Эмнеге мажбурлоодо?
"Россия кадимки эле куралдуу күчтөрдү туруксуздаштыруучу окууларга көп көңүл бөлүп, өзөктүк чөйрөдө агрессивдүү жана жоопкерчиликсиз риториканы пайдаланганын койбой келери" да айтылды. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү өз аймагында аскердик машыгууларды өткөрөт, болгону НАТО мүчөлөрү гана көпчүлүк окууларды жоопкерчиликсиз жана агрессивдүү түрдө бөлөк территорияларда өткөрөрүнө күбөбүз. Москва кимдир бирөөнү өзөктүк куралды колдонорун айтып опузалап же ачык эле Мексиканын түндүгү, Канаданын түштүгүнө аскердик машыгууларды өткөрүү үчүн океанды басып өтүп өз күчтөрүн жеткирип жатабы? Пентагон Европада ушундай көрүнүштөргө барып жатат. Россиялык окуулар "ашкере" масштабдуубу? Себеби дүйнөдө РФтин территориясынын теңдеши жок. Бардык "күнөөлөргө" Россияны курулай айыптоо АКШ жана НАТОнун РФ жана анын союздаштарына каршы согуштук аракеттерге реалдуу камылгасын жаап-жашыруу же актоого байланыштуу экени айдан ачык. Румыния жана Балтика өлкөлөрүндөгү альянстын аскердик инфраструктуралары жана чет элдик күчтөрдүн жайгаштырылышы – жай аймактарды жана деңиздерди куралдуу жаңжал зонасына ырааттуулук менен айландыруунун ачык мисалы. Чыгыш постсоветтик мейкиндикти бузуу жана тоноо үчүн жасалган аракет. Америкалыктардын ирандык, ирактык жана сириялык мунайды алуу өзгөчөлүктөрүнө терең токтолбой деле коелу, бирок сибирдик көмүр суутек жана Борбор Азиянын пайдалуу кен байлыктары да аларга аз олжо эместей.

Бейпил КМШны кыйратуу аракети

НАТОнун билдирүүсүндө "Украина жана анын айланасындагы жаңжал азыркы жагдайда күн тартибибизде биринчи тема" деп белгиленген. Буга Москванын да "күнөөлөрү" тиркелген. Донбасстагы куралдуу жаңжалга жана Крымдын Россиянын курамына кайтышына 2014-жылы Украинадагы шайлоо процессине АКШ менен ЕБдин көз көрүнөө (гибриддик) кийлигишүүсү себеп болбоду беле. Фактыларды моюнга албоого же жаңыча чечмелөөгө болор, бирок аларды өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Крым референдумдун жыйынтыгы менен тынч жана мыйзамдуу түрдө РФтин курамына кошулган. Бул тарыхый окуянын кайтарылгыстыгы россиялык Конституция менен бекитилген.
Альянс "эл аралык таанылган чек аралар алкагында" Украина, Грузия жана Молдова Республикасынын территориялык бүтүндүгү жана суверенитетин колдоо жөнүндө кайра-кайра билдирүү жасап, Россияны "бул үч өлкөгө алардын макулдугусуз жайгаштырылган аскердик күчтөрдү чыгарууга" чакырат. Дүйнө өзгөрдү. Картада СССР менен ГДР жок. НАТОнун активдүү катышуусу менен Югославия да жоголгон. Грузиядагы батыш шыкактаган "роза революцияларынын" эпкини менен иш жүзүндө көз карандысыз Абхазия жана Түштүк Осетия пайда болду. Анан Россия аларды 12 жылдан ашуун мезгил мурун юридикалык негизде аларды тааныган. Грузия да өз "өнөктөштөрү" менен биргеликте жаңы реалдуулукту аң-сезимдүүлүк менен аңдаган күн да келер. Бул багыттагы "убактылуу басып алуу" же аннексия жөнүндөгү ар кандай кептер конструктивдүү эмес жана 2008-жылдын 8-августундагыдай кооптуу.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат
Чек аралардын бузулгустугу тууралуу... Молдовадагы куралдуу жаңжал Приднестровьедеги орус тилдүү тургундардын бүтүндөй республика менен Румыниянын курамына интеграциялашууга каршылыгынан улам тутанган. Ошондо, 1992-жылы, Россия Приднестровьеге БУУнун тынчтык орнотуучу контингентин киргизүүнү сунуштаган, Батыш аны өтө эле кымбатка айланат деп эсептеген. Ошондой "акылдашуудан" кийин россиялык күчтөр эл аралык тынчтык орнотуучу макамына ээ болуп, Приднестровьеде ок атуу токтогон. Адамзаттын жаңы тарыхында бул бирден-бир ийгиликтүү тынчтык орнотуучу тажрыйба болгон. Мында, КМШ мейкиндигинде түндүк атлантикалык альянс "Грузия – Молдова – Украина" тибиндеги ачык эле Россияга каршы багытталган виртуалдык аскердик блокторду курбастан, жаңжалдарды реалдуу жана майнаптуу чечүүгө үйрөнгөнү оң чыгар.
Саммиттин расмий билдирүүсүндөгү дагы бир көңүл бөлчү пункт: "НАТОго мүчө-мамлекеттер Беларустагы былтыркы августтан берки окуяларга мурункудай эле катуу кабатыр. Беларустун саясаты жана кадамдары чөлкөмдөгү туруктуулукка кесепетин тийгизет" деген ойду камтыйт. Бул болуп көрбөгөндөй саясий эки жүздүүлүктүн үлгүсү. Аймакка бүлүк салчу кайсы окуялардан кеп салууда? Ал эми альянсты Франциядагы алда канча масштабдуу жана аягы үзүлө элек "сары жилетчилердин" акциялары же АКШнын жарандарынын Капитолийге жасаган чабуулу жана анын натыйжасында 400дөн ашык кишинин камалышы эмне үчүн түйшөлтпөйт? Же бул башка нерсеби?
2021-жылдын 14-июнундагы НАТОнун билдирүүсүнүн көлөмдүү тексти расмий сайтта үч тилде чыгарылган, каалагандар ага көз жүгүртүп, реалдуулукка дагы көп шайкеш келбестиктерди таап чыкса болот.
Оюмду жыйынтыктап жатып Европа же Арктикада "кылыч булгалоодон" оболу "өнөктөштөр" 20 жылдык согуштан кийин террорчу талибдер менен түзүлгөн, АКШ жана НАТО үчүн жүз кызартарлык тынчтык келишимине, чет өлкөлүк аскердик күчтөрдүн Афганистандан иш жүзүндө качып баратканына бир кайрылып баам салганы жакшы болмок дээр элем. Ага карабай батынсын дейли, жогорку технологиялык жана ири өзөктүк держава менен болжолдуу жаңжалда алар утулууга дуушар болору анык. Тең укуктуу тараптар ортосундагы сүйлөшүү процесстери менен гана акылгөй компромисстерге барып мындан ары жай турмуш кечирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0