Россиялык гипер үндүү ракеталар F-35 жана F-22ни "пайдаланууга жолтообу"? Сереп

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүИспытание новой баллистической ракеты «Сармат»
Испытание новой баллистической ракеты «Сармат» - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Гипер үндүү ылдамдыктагы россиялык супер курал жогорку технология жаатындагы жакынкы атаандаштарынан кыйла алдыга кетип, дүйнөлүк рынокто "топ жарып", Батыштын кымбат куралдануу программаларын туңгуюкка кептегени турат.
"Известия" гезити жазгандай, физикалык принциптерге негизделген россиялык курал жакын арада келечектеги үлгүлөрдү өздөштүрүү форматында эмес, салгылаш сценарийлери менен өтө турган бир катар машыгууларда сыналмакчы.
Кеп лазердик комплекстер, гипер үндүү ракеталар жана жасалма интеллект орнотулган согуштук робот техникасы туурасында. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко россиялык дал ушул жетишкендиктерден кеп салып, аларга мүнөздөмө берген.
"Авангард" жана "Кинжал" гипер үндүү ракеталык, ошондой эле "Пересвет" лазердик комплекси аскердик катарда кызмат өтөп келе жатканына бир топ болуп калды. С-500 зениттик ракеталык тутумдарынын жана деңизге ылайыкталган гипер үндүү "Циркон" ракеталарынын сыноолору да аяктап барат.
Россиялык Крымдын жээгине жакын британиялык Defender эсминеци - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Россия британиялык эсминецтин чагымчыл аракетине кескин жооп кайтарды. Себеби
Континенттер аралык "Сармат" оор баллистикалык ракетасы РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөргө келерки жылы кабыл алынат. Кезекте – өзөктүк "Посейдон" жана "Буревестник" долбоорлору. Россиялык аскердик мекеме жаңы аскердик супер техниканын толук тизмегин азырынча ачык жарыялабаганы ого бетер бүйүр кызытат. Анткен менен батыштык "өнөктөштөрү" РФтин жаңы куралынын белгилүү мүмкүнчүлүктөрүнөн эле айласы курууда.
Аба жана деңиз гипер үндүү ракеталары, бешинчи муундагы Су-57 истребители дүйнөдөгү эң кымбатка бааланган АКШнын курал программалары технологиялык жана аскердик артыкчылыкты камсыздай албай турганын тастыктайт. Эл аралык курал рыногундагы америкалык өндүрүмдөрдүн үстүндө кара булут түнөрүүдө. Россиялык куралдын артыкчылыгы – ниет же агрессия инструменти эмес, дүйнөдө Россиянын улуттук кызыкчылыктарын коргоо тутуму.
РФтин куралдуу күчтөрү 2027-жылга дейре бешинчи муундагы Су-57 оор истребителдерин алышат. Бул күчтүү машинанын куралдарынын спектри, кыймылдаткычынын жана борттук компьютердин мүнөздөмөлөрү купуя бойдон калууда. Бирок адистешкен Military Watch аскердик журналы 29-июнда россиялык Су-57нин болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрү "америкалык F-35ти пайдаланууга" тоскоол болушу мүмкүн экенин маалымдады.

Жолу болбос "көзгө көрүнбөстөр"

Басылма маалымдагандай, бешинчи муундагы Су-57 истребители алтынчы муундун технологияларын, атап айтканда, жасалма интеллект, лазердик курал, гипер үндүү ракеталардын эки тибин, лазердик коргоо тутумун, тартылуунун үч өлчөмдүү векторун пайдаланат.
Су – 57 учагынын куралдарын, атап айтканда, гипер үндүү ракеталардын эки түрүнө берилген баа АКШнын Куралдуу аба күчтөрүнүн көзгө көрүнбөс истребителдеринин согуштук аракеттерге түздөн-түз катышпай туруп толук кыйрап калуу ыктымалдыгын америкалыктарга көзгө сая көрсөтүүдө. Адистердин кооптонуусу негиздүү.
Саммит НАТО 2021 в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
Су-57нин отсегинде (атайын бөлүгүндө) Х-47М2 "Кинжал" (аба – жер бети) жана Р-37М (аба – аба) ракеталарын 2025-жылга чейин интеграциялоо күтүлөт. Россиянын Аба-космостук күчтөрү "Кинжалды" 2018-жылдын башында алып, МиГ-31К истребители жана ыраактан бомбалоочу Ту-22М менен интеграцияланган.
Ракета 10 Махка чейинки ылдамдыкта буталарын кыйрата алат, ыраактык 2000ден 3000 чакырымга дейре бааланат, бул Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана дээрлик бүтүндөй Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азиядагы буталарды жок кылууга мүмкүндүк берет. Ракетага каршы коргонуунун азыркы системаларынын эч бири "Кинжалды" колго түшүрө албайт. Су-57 истребители менен интеграциялоодо Х-47М2 ракетасынын өлчөмү кичирейтилет.
Ушундай эле негизде "аба – аба" тибиндеги ыраакка багытталган Р-37М ракетасынын көлөмүн да кичирейтүүгө туура келген. Баса, бул ракета "атып – унуткаруу" принцибинде ок ачууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Су-57нин бортундагы "Кинжал" аны душмандын эң негизги тылындагы кемелер, командалык борборлор, аэродром, логистикалык түйүндөр жана башка өтө маанилүү буталарга гипер үндүү баллистикалык ракеталар менен сокку ура ала турган дүйнөдөгү жападан жалгыз истребителге айландырат.
Су-57нин кармаштарда чыдамкайлыгы жана ыраак аралыкка уча алышы учуш-конуш тилкелеринин (авиа ташуучулар) катардан чыгарууга жана жаңжалдын эң башында эле учуш тилкесиндеги душмандык истребителдеринин көпчүлүгүн жок кылууга шарт түзөт.
Авиаташуучуларга ылайыкталган АКШнын көзгө көрүнбөс истребителдери "Кинжалдар" турган чекте аракет этишсе (2000 чакырымга жакын) Су-57нин соккуларына кабылат. Мында америкалык көзгө көрүнбөстөрдү техникалык тейлөөгө жана учуш-конуш тилкелеринин кынтыксыздыгына кескин жогору талаптарды эске алуу маанилүү. F-35 жана F-22 чыгарылып жана пайдаланууга берилгенден бери убактысынын көп бөлүгүн жер бетинде (кеменин палубасында) көбүрөөк өткөрөт. Эске салсак, россиялык Су-57 байланыш жана навигация тутумдары менен аз жабдылган талаа аэродромдоруна конуп жана андан абага көтөрүлө алат.

Баарынан ыраак, баарынан ыкчам

Су-57 истребители жана анын куралданышы F-35ке караганда абадагы согуш жүргүзүүгө ыңгайлуураак. Учак саатына 2600 чакырымга чейинки ылдамдыкта учууга жөндөмдүү, иш жүзүндө 5500 чакырымга дейре аралыкка чыга алат. Болжол менен россиялык истребитель бортуна "аба – аба" тибиндеги Р-37М классындагы алты ракета батат, ушундай эле сандагы ракетаны МиГ-31БМ да ташый алат.
Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Бешинчи муундагы Су-57 америкалык учактарды рыноктон сүрүп чыгарат
Military Watch басылмасы Р-37М гипер үндүү ракетасы ушул тапта дүйнөдө согушка эң жөндөмдүү экенин белгилейт. Кошмо Штаттар жана Кытай Эл Республикасынын келечекте чыгарыла турган ракеталары гана ага атаандаш боло алат.
Су-57нин күчтүү датчиктери менен айкалышта баштапкы жүгү 510 килограммды түзгөн "аба – аба" тибиндеги россиялык Р-37М 400 чакырым ыраактыктан учактарды кыйратып, 6 Мах ылдамдыкка жана жогорку маневрдүүлүккө (аны буйтап өтүү мүмкүн эмес) ээ. Ракетаны 200 чакырымга дейре аралыктан көзгө көрүнбөс истребителдерди кыйратуу үчүн пайдаланууга болот. Бирок Р-37М F-35 жана F-22нин операцияларын колдоо үчүн кескин маанилүү болгон май куюучу жана радиолокациялык колго түшүрүүчү учактарды жок кылууга жөндөмдүү.
F-35тин салыштырмалуу учуш аралыгынын кыскалыгы абадан күйүүчү май куйбастан чабуулдук операцияларды жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошентип, Су-57 истребители душмандын сокку уруучу авиациясын түз талкалабастан эле анын аскердик пландарын буза алат.
Military Watch журналы "Бешинчи муундагы истребителдердин арасында мындай универсалдуулукка тең келе алчусу жок: F-35A аппаратына салыштырчу курал жок, ал эми F-22 жана кытайлык J-20нын "аба – жер" тибиндеги жана кемеге каршы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Ошол эле убакта россиялык учактардын эч бири "аба – аба" классындагы гипер үндүү ракеталарды пайдаланбайт", — деп басым жасаган.
Бешинчи муундагы америкалык F-22 Raptor истребители абада тар адистешкен багытта артыкчылыкка ээ болуу үчүн жаралган. Кийинчерээк жердеги буталарга чектелген сокку урууга ылайыкташтырылган, анткен менен "аба – жер" тибиндеги куралдардын чакан диапазонуна гана дал келип, душмандын бекем жабдылган командалык жайлары жана кемелери менен күрөштө пайдасыз.
Россиялык Су-57 – атаандаштык чегинен тыш. Заманбап аба кармашында 4++ муунундагы Су-35 истребители да америкалык F-22ден артык. F-22 жана F-35 истребителдерин америкалыктар артта калган же жакынкы чыгыштык "козголоңчулар" менен чогуу атайын түзүп чыккандай, эми көнгөн адатынча жогорку технологиялык душман менен кармашта да толук жакшыртыла элек аппараттарын пайдаланууга далбас урууда. АКШ Конгресси F-35 кайтарымсыз программасын токтотууну тегин жерден талкуулап жатпагандыр.

Кыйратуучу рыноктук сокку

АКШдагылар F-35 истребители жакында эл аралык курал рыногунда россиялык Су-57 өңдүү катаал атаандашы менен бет келишет. Чөлкөмдөгү коңшуларынын аскердик-аба күчтөрүнүн күчтөнүшүнөн улам Алжир Су-57Э 14 истребителге биринчилерден болуп буюртма берди. Келишим наркы 2 млрд. долларды түзөт. Батыштагы эксперттер россиялык Су-57ге виртуалдык кезектеги ондон ашуун өлкөнү эсептеп чыгышкан. Алардын ичинде Казакстан да бар. Мисалы, Вьетнам бешинчи муундагы 24 истребителди сатып алууга белсенди.
Су-57нин экспорттук версиясы алгач ирет 2019-жылдын август айынын аягында Жуковскийдеги МАКС эл аралык авиасалонунда элге тааныштырылган. Бешинчи муундагы Су-57 истребителинин экспорттук эки орундуу модификациясын чыгаруу пландары 16-июнда белгилүү болгон. Ошону менен бирге эле РФ вице-премьери Юрий Борисов: "Бул машинага кызыгуу бар, ал жылдан жылга дагы күчөйт", — деп билдирген.
Искандер-М ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
НАТО үчүн "тыюу салынган зона". "Искандерлер" жаңы ракеталуу болушту
Истребителдин эки орундуу версиясы учкучтарга аскердик милдеттерди аткарууну жеңилдетип, ал эми жаңы гипер үндүү ракеталар Су-57нин соккуларын мизи майтарылгыс кылат.
Сирияда Россиялык аскердик авиациянын технологиялык мыктылыгы жана ийгиликтерин, россиялык өндүрүштөгү С-400 жана С-500 зениттик ракеталык тутумдарынын талашкыс артыкчылыгын эске алсак, Кошмо Штаттардын технологиялык жактан артта калышы даана байкалып барат.
Советтик ыкчам-тактикалык ракеталардын аналогу – Сауд Аравиясындагы эскилиги жеткен йемендик "Скад" менен күрөштө "Патриот" зениттик ракеталык комплексинин кайра-кайра жеңилиши өнөкөткө айланды. Былтыр Ирактагы Пентагондун базаларына ракеталык сокку урууда абадан коргонуучу америкалык тутумдардын толук утулушу айдан ачык байкалды. Мындан улам Польша өңдүү абдан берилген өлкөлөр гана 100 чакырымга чейинки ыраактыкка (чектелген сектордо) ылайыкталган "Патриот" ЗРКсынын эки дивизионун (ракета атуучу 16 түзүлүш) 4,75 млрд долларга сатып алган. Салыштырсак, Түркия Россиядан бутасын 400 чакырымга чейинки аралыктан кыйрата алчу С-400 "Триумф" ЗРСтин (ракета коё берүүчү 32 түзүлүш) төрт дивизионун алды, келишимдин жалпы наркы – 2,5 млрд. доллар. Кошмо Штаттардын көзүн караган мамлекеттердин баарын Румыния артта калтырды десек болор. Ал кырк жыл мурунку F-16 америкалык истребителинен 12 бирдикти дээрлик бир миллиард долларга сатып алды.
Чындап эркин рынокто ушундай эле каражатка россиялык жапжаңы Су-35 истребителдеринен ушундай эле сандагы бирдик сатып алууга болот. Технологиялар күрөшү дегеле токточудай эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0