БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Расмий маалыматтар боюнча, бул күндөрү Кыргызстанда коронавирус менен 20 365 адам ооруп жатат. Бул туурасында Республикалык штабдын маалыматында айтылды.
Учурда ооруканаларда 4 356 бейтап коронавирус менен алпурушуп жатат.
Алардын абалы боюнча маалымат төмөнкүдөй:
- 56 бейтап канааттандырарлык абалда;
- 2 850 кишинин абалы орточо оор;
- 1 224 адам — оор абалда;
- 226 киши өтө оор абалда өмүр үчүн күрөшүп жатат.
Ал эми республиканын ар кыл аймактарында 16 009 бейтаптын үйдө дарыланып жатканы кабарланды.
Бүгүнкү маалыматта 1 169 адам вирус жуктурса, 12 бейтап ооруну жеңе албай калганы айтылды. Ал эми айыгып кеткендердин саны арбыныраак болуп, 1 837 кишиге жеткен.