Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Муканова: коррупция менен күрөштө системаны өзгөртүү зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова өлкөдө болуп өткөн революциялардын негизги талаптарынын бири коррупция менен күрөш болгонун белгиледи.

Карапайым элге коррупция менен күрөштүн натыйжасы сезилбей келет. Мындай пикирин Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Муканова: коррупция менен күрөштө системаны өзгөртүү зарыл

Анын айтымында, ар бир келген бийлик коррупция менен күрөштү приоритет катары коет.

"Өлкөдө коррупция күнүмдүк жашообузга сиңип кетти. Жаңы бийлик келген сайын аны менен күрөштү ураан катары көтөрүп чыгат. Коррупция менен күрөшүү дүйнө жүзүндө актуалдуу маселе. Катардан калбай Кыргызстан дагы өз аракеттин көрүп келет. Буга чейин болуп өткөн революциялардын негизги талаптарынын бири коррупция менен күрөш болгон. Бирок коррупцияга бөгөт коюу аракеттери өлкөдө саясатташып кеткен. Ошондуктан карапайым калкка иш жүзүндө натыйжасы сезилбей жатат. Ар бир бийлик план, стратегия, мыйзамга толуктоолорду киргизүү менен алек болду. Мурдагы пландын аткарылышын карабай эле кайра жаңы пландар жазылып жатты. Ошону менен аракеттер көрүлбөй эле кагаз жүзүндө калган учурлар көп болду. Мамлекеттик органдар өкмөткө, бийликке отчет берет. Ага ылайык, кагаз жүзүндө чындап эле коррупция менен күрөшүп жаткандай көрүнөт. Бирок калк күткөндөй жыйынтык жок. Ошондуктан системаны өзгөртүп таза кадрларды алып келүү зарыл. Укук коргоо органдары, сот системасы акыйкат иштеши керек", — деди Муканова.

Ошондой эле ал коррупционерлерди камоо — бул натыйжалар менен гана күрөшүү экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

Жаңылыктар түрмөгү
0