Мигранттар алданып калбайт. Иш издөө боюнча ЕАЭБде жаңы система ишке кирди

Жазылуу
Унификацияланган издөө тутумуна беш өлкөнүн улуттук маалыматтык системасына катталып алгандан кийин кирип, ишти издей берсе болорун айтышты.
Бүгүн, 1-июлдан тарта, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында "Чек арасыз жумуш" унификацияланган издөө тутуму иштеп баштады. Бул ЕАЭБ айдыңындагы санариптешкен биринчи долбоор.
Ал уюмдун ичиндеги жумуш орундарын жана жумушчулардын базасын кароого багытталган. Долбоордун жардамы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары жумуш орду жөнүндө маалымат таап, жумуш берүүчү менен бардык жактарын талкуулоого мүмкүндүк алат.
Москвада мигранттар вакцина алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж
Долбоор биримдиктин алкагында жумуш рыногунун санариптик инструменттер, улуттук маалыматтык системалар тарабынан улам кошулган вакансия, резюмелердин арбышынан улам өз ара тыгыз иштешин камсыздайт. Бул, жогоруда белгиленгендей, ЕАЭБ аймагында болот.
"Чек арасыз жумуш" долбооруна ЕАЭБге мүчө болгон беш мамлекеттин учурда иштеп жаткан системалары катышат. Алар иш жана персонал табуу боюнча "Горц" (Армения) деп аталган система; жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кызмат (Беларусь); "Работа" аталышындагы маалыматтык портал – электрондук биржа, бул Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча министрлигинин алдында иштейт; Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Занятость" деп аталган эмгек рыногунун маалыматтык системасы; "Работа в России" деп аталган маалыматтык аналитикалык система, жумуш боюнча жалпы россиялык база(Россия).
Унификацияланган издөө тутумуна жогорудагы улуттук маалыматтык системаларга катталып алгандан кийин кирип, иш издеп, караштыра берсе болорун айтышты.
© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЕЭКтин Ички рыноктор, информатизация жана маалыматтык коммуникациялык технология боюнча министри Гегам Варданян
Министр ЕЭК Гегам Варданян  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ЕЭКтин Ички рыноктор, информатизация жана маалыматтык коммуникациялык технология боюнча министри Гегам Варданян
"Чек арасыз жумуш" долбоорунун унификацияланган издөө тутуму евразиялык аймакта санариптешүүнүн гана өнүгүшү эмес, ЕАЭБ жарандарынын иш менен камсыздоо тармагындагы толук кандуу санариптик экосистеманын калыптанышынын башталышы", — деген ЕЭКтин Ички рыноктор, информатизация жана маалыматтык коммуникациялык технология боюнча министри Гегам Варданян.
Аталган системанын пандемиядан кийин элдин иш табышына жакшы жардамчы болоруна үмүт артылып жатат.
© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников
Министр экономического развития РФ Максим Решетников - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников
"Чек арасыз жумуш" коронавирус пандемиясынан кийин жалпы эмгек рыногубузду калыбына келтирген инструменттердин бири болот деп ишенебиз. Чындыгында бул ЕАЭБ жарандарын жумуш менен камсыздоо боюнча толук кандуу экосистема түзүүгө жасалган биринчи кадам", — деген Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников.
Буга чейин "Чек арасыз жумуш" долбоорунун мигранттар үчүн да ишенимдүүлүк жаатында өтө пайдалуу болору айтылган. Тагыраагы, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жумушка орношууда тобокелчиликтерди азайтат дешкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековКоординатор ассоциации "Замандаш" Азамат Айтбаев
Координатор ассоциации Замандаш Азамат Айтбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Координатор ассоциации "Замандаш" Азамат Айтбаев
"Тиркеме аркылуу жумуштун шарттары, жоопкерчиликтери такталып, легалдуу жумушка орношууга мүмкүнчүлүк жаралат. Анткени өлкө ичинен келишим түзүп алса болот. Натыйжада жарандардан бир аз тыйын алып жумушка орноштурууну сунуштаган ортомчу компаниялар жоголот", — деген "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев.
Долбоордун кыргызстандыктарга ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарына аталган биримдиктин ичинде эч кандай тоскоолдуксуз иш табууга жана иштөөгө мүмкүндүк берери да айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0