https://sputnik.kg/20210517/kyrgyzstan-kumtor-aksh-kanada-yurist-1052515762.html
Кумтөр маселесин чечүү үчүн АКШ менен Канададан алдыңкы юристтер тартылды
Кумтөр маселесин чечүү үчүн АКШ менен Канададан алдыңкы юристтер тартылды
Sputnik Кыргызстан
Мамкомиссиянын мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк басынткан "өнөктөш" менен кызматташууну улантуунун кажети жок деген пикирин билдирди. 17.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-17T13:48+0600
2021-05-17T13:48+0600
2021-12-15T22:54+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
акш
канада
кумтөр
юрист
маселе
"кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052515717_0:199:3072:1937_1920x0_80_0_0_17edc76b8195682849a3a24502b0ac59.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан Кумтөрдүн айланасындагы соттук териштирүүлөргө АКШ жана Канаданын алдыңкы юридикалык компанияларын тартты. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында "Кумтөр" компаниясынын ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди."Кумтөр Голд Компани" боюнча абалЭске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты.Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
https://sputnik.kg/20210517/kumtor-kamchybek-tashiev-kylmysh-ishi-1052515322.html
акш
канада
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052515717_0:103:3072:2033_1920x0_80_0_0_6a5486c47e7945fd4047ff7b5587dcd5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акш, канада, кумтөр, юрист, маселе, "кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акш, канада, кумтөр, юрист, маселе, "кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Кумтөр маселесин чечүү үчүн АКШ менен Канададан алдыңкы юристтер тартылды
13:48 17.05.2021 (Жаңыртылды: 22:54 15.12.2021) Мамкомиссиянын мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк басынткан "өнөктөш" менен кызматташууну улантуунун кажети жок деген пикирин билдирди.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан Кумтөрдүн айланасындагы соттук териштирүүлөргө АКШ жана Канаданын алдыңкы юридикалык компанияларын тартты. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында "Кумтөр" компаниясынын ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү
Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
"Башында "Комеко голд", андан кийин Centerra Gold Inc. деп аталган компанияга алданып, кемсинип калганыбызга ичим ачышып турат. Жеке мен мындай басынткан "өнөктөш" менен кызматташууну улантуунун кажетин көргөн жокмун. Биз тезинен мамилелердин шарттарын карап чыгып, чечим чыгарышыбыз керек. Бул үчүн азыр АКШ менен Канададагы юридикалык компаниялар менен биргеликте иштеп жатабыз", — деди ал.
"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал
Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга
кол койгон.Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко
доо менен кайрыларын айтты.Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.