00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Centerra кыргыз өкмөтүн арбитраж сотуна берерин жана шарттарын айтты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы Кумтөр алтын кени. Архив
Кыргызстандагы Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Centerra Gold Inc. иш Стокгольмдо (Швеция) караларын, БУУнун эл аралык соода (ЮНСИТРАЛ) боюнча комиссиясынын эрежелери менен жүргүзүлөрүн билдирген.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты. Бул маалымат аталган компаниянын сайтына чыкты.
Анда Centerra Gold сот аркылуу кыргыз өкмөтүнө жакында кабыл алынган мыйзамдын алкагында кандайдыр бир чечимдери кабыл алууну улантууга тыюу салууну же анын туунду компаниясы болгон "Кумтөр Голд Компаниге" жакында салынган айып пул жана салык боюнча доо коюп, артынан түшүүнү токтотууну талап кылары айтылган. Бул өкмөт арабынан Кумтөр кенине салынган инвестициялык макулдашууларды бузгандык болуп саналат деп белгилешкен.
Centerra Gold кыргыз өкмөтүн "Кумтөр Голд Компани" жана Кумтөр кенине карата жасаган "каршы кадамынан" улам келтирилген чыгым жана зыян үчүн арбитраждык сотто жоопкерчиликке тартууга ниеттенип жатканын билдирген. Алар мындай жолго эки тарап бир макулдашууга келбесе бара тургандыгын айтышкан.
Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри төмөнкүлөрдү билдирген.
"Быйылкы жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жетекчилиги иштетилип жаткан Кумтөр кенинин негиздерин бузуу үчүн болуп көрбөгөндөй тездик менен иш жүргүздү. Талаштын предмети деп эсептеген маселелердин бардыгы боюнча кызматташуудан баш тартышты. Өкмөттүн бул кылгандарынан улам Centerra Gold Inc. компаниясында өзү (Centerra Gold Inc. – ред.) менен "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын, акционерлерибиздин кызыкчылыгын жана өзүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн арбитраж сотуна кайрылуудан башка жолу калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барам десе, биз мурдагыдай эле ага даярбыз", — деген Скотт Перри.
Иш Стокгольмдо (Швеция) каралып, БУУнун эл аралык соода (ЮНСИТРАЛ) боюнча комиссиясынын эрежелери менен жүргүзүлөрү айтылган.
Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
"Тараптарда арбитр боюнча макулдашуу үчүн 28 күн бар, болбосо Centerra Gold Inc. арбитрди белгилөө үчүн Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылат. Макулдашуунун негизинде бул Нью-Йорк штатынын мыйзамдары боюнча жөнгө салынмакчы", — деп билдиришти алар.
Компания "Кумтөр Голд Компанинин" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик компания жана башка мамлекеттик органдар "Кумтөрдүн" кызматкерлерин коркутуп, милиция компаниянын жогорку жетекчилеринин үйүнө барып, мекемени 15-майда тинтүүгө алгандыгын айтышты.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Кеңсе. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
"Кумтөрдүн" кеңсеси тинтүүгө алындыбы? Расмий жооп
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген.  11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0