00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Куда поступать» — вопрос, который задают слишком поздно: разговор о профориентации
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлдү мыйзамсыз торлордон арылтуу аракети – Суучулдар жайы-кышы дебей иш үстүндө
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Первый посол КР при ООН: в советской школе дипломатии нас учили слушать, писать, анализировать и правильно молчать
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Теңиз Бөлтүрүк тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКанадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин жаңы курамына кирген Теңиз Бөлтүрүк
Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин жаңы курамына кирген Теңиз Бөлтүрүк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Теңиз Бөлтүрүктүн өзүнүн айтымында, тоо-кен тармагында 30 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. 1997-98-жылдары Кумтөр кенин ишке киргизүүгө аралашкан.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин жаңы курамына кирген Теңиз Бөлтүрүк боюнча социалдык тармактарда бир топ талкуу жүрүп жатат.
Ал өзү тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйыны учурунда айтып берди.
Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулуп-өскөн. Мектепти артыкчылык менен аяктап, Москвадагы Болот жана эритмелер институтуна тапшырган. Андан пайдалуу кендерди байытуу боюнча инженер адистигине ээ болгон.
"Өткөн кылымдын сексенинчи жылдардын аягында Түстүү металлургия министрлигинин чечими менен Ыраакы Чыгышта иштегем. 1990-жылдары Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан "Сары-Жаз" комбинатына которушкан. Советтер Союзунун жоюлушу менен ал долбоор токтоп калып, мен "Хайдаркан" камбинатында фабрика жетекчиси катары беш жыл эмгектендим", — деди ал.
Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Момбеков: "Кумтөрдөн" 5 млрд. доллар өндүрүү — бул жомок
Кийин Солтон-Сары кенинде башкы технолог болуп жүрүп, 1997-98-жылдары Кумтөр кенин ишке киргизүүгө аралашкан.
1998-жылы эл аралык стипендия утуп алып, Германиянын Клаусталь техникалык университетинин аспирантура бөлүмүнө тапшырган. Анда төрт жыл окуп, илим-изилдөө иштери менен алек болгон. 2002-жылы Канадага кеткен.
Өзүнүн айтымында, 30 жылдан ашык убакыттан бери тоо-кен тармагында иштеп, бай тажрыйба топтогон. Бул аралыкта Канада, Россия, Казакстан, Монголия, Кытай, Иран, ТАР, Перу, Германия, АКШ, Австралия сыяктуу 13 мамлекетте 18 ири долбоорду жетектеген.
"2020-жылы президент Жапаров мени Кумтөр көйгөйүн чечүү жана башка тоо-кен долбоорлорун ишке киргизүүгө кол кабыш кылуу үчүн Кыргызстанга келип иштеп берүүгө чакырган", — деди Бөлтүрүк.
Ошондой эле ал кош жарандуулугу бар экенин айтып, депутаттарга Кыргызстандын паспортун көрсөттү. Экинчи жарандыгы Канада мамлекетиники. Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамдары жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарга гана кош жарандуулукка уруксат бербейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0