https://sputnik.kg/20210517/aalam-suluusu-synaktyn-zhenuuchusu-video-1052513760.html
"Аалам сулуусу" сынагын мексикалык кыз жеңди. Чүрөктүн видеосу
"Аалам сулуусу" сынагын мексикалык кыз жеңди. Чүрөктүн видеосу
Sputnik Кыргызстан
Сулуулар таймашынын финалында Перу, Доминика Республикасы, Бразилия, Индия жана Мексикадан келген кыздар күч сынашты. 17.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-17T12:13+0600
2021-05-17T12:13+0600
2021-12-16T13:59+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
мексика
жеңүүчү
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052513618_0:326:2001:1458_1920x0_80_0_0_b9dc9142529f21c0b9364913e8ac1d35.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Мексикалык кыз Андреа Меса "Аалам сулуусу" сынагын жеңип алды. Бул тууралуу эл аралык сынактын Twitter тармагындагы расмий баракчасында жазылды.Финалда Меса узун, арты ачык, жалтырак кызыл көйнөк кийгенин көрүүгө болот. Таажыны ага 2019-жылы жеңүүчү болгон түштүк африкалык Зозибини Тунци кийгизгенин көрүүгө болот.Меса — дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңген үчүнчү мексикалык кыз. Буга чейин мекендештери 1991 жана 2010-жылдары биринчиликти багындырышкан.Сулуулар таймашынын финалында Перу, Доминика Республикасы, Бразилия, Индия жана Мексикадан келген кыздар күч сынашты. Үчүнчү орунду перулук Яник Масета, экинчини бразилиялык Жулия Гама алган.
мексика
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/11/1052513618_0:263:2001:1521_1920x0_80_0_0_3f108c5f785030f399d71518296ef9f9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, мексика, жеңүүчү, видео
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, мексика, жеңүүчү, видео
"Аалам сулуусу" сынагын мексикалык кыз жеңди. Чүрөктүн видеосу
12:13 17.05.2021 (Жаңыртылды: 13:59 16.12.2021) Сулуулар таймашынын финалында Перу, Доминика Республикасы, Бразилия, Индия жана Мексикадан келген кыздар күч сынашты.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Мексикалык кыз Андреа Меса "Аалам сулуусу" сынагын жеңип алды. Бул тууралуу эл аралык сынактын Twitter тармагындагы расмий баракчасында жазылды.
Финалда Меса узун, арты ачык, жалтырак кызыл көйнөк кийгенин көрүүгө болот. Таажыны ага 2019-жылы жеңүүчү болгон түштүк африкалык Зозибини Тунци кийгизгенин көрүүгө болот.
Меса — дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңген үчүнчү мексикалык кыз. Буга чейин мекендештери 1991 жана 2010-жылдары биринчиликти багындырышкан.
"Аалам сулуусу" аталган кыз программист, ошондой эле туризмди колдоп, зордук-зомбулуктарга каршы туруп келет.
Сулуулар таймашынын финалында Перу, Доминика Республикасы, Бразилия, Индия жана Мексикадан келген кыздар күч сынашты. Үчүнчү орунду перулук Яник Масета, экинчини бразилиялык Жулия Гама алган.