9-май — каармандыктын символу. Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күн менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров дал большое интервью "Российской газете"
Президент Садыр Жапаров дал большое интервью Российской газете - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Жазылуу
Улуу Ата мекендик согушка 360 миңдей кыргызстандык кетсе, алардын 100 миңден ашууну кандуу согуштан кайтпай калган.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды, ардагерлерди куттуктап, бул күн эрдиктин, каарман эмгектин символу болуп кала берерин айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
"9-Май – Улуу Жеңишти жана жакшылыктын салтанатын майрамдоонун жалпы элдик күнү. Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет. Ушул салтанаттуу күнү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз, оорук эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлердин астында башыбызды ийип таазим этебиз", — деген ал.
Ал кыргызстандык жоокерлердин ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын барактарында алтын тамгалар менен жазылып калгандыгын белгилеген.
Майданга 360 миңдей кыргызстандык кетсе, алардын 100 миңден ашууну кандуу согуштан кайтпай калган. Эрдиги жана баатырдыгы үчүн 150 миңден ашык кыргызстандык ар түрдүү сыйлыктарга ээ болушту. Алардын ичинен 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамын алып, 22 адам "Даңк" орденинин толук кавалери болушкан.
Согуш жылдарында башка республикалардан https://sputnik.kg/society/20190126/1043040851/toktogon-altybasarova-ehskerildi.html эвакуацияланып келген жүз миңдеген адамдар өлкөбүздөн түнөк таап, камкордукка алынып, алардын көпчүлүгү биздин жерде экинчи мекенин тапкан.
Мен аларды өз балдарымдай жакшы көргөм — Токтогон апа Ленинграддан келген балдар тууралуу
"Кыргызстан фронтту ок-дары, азык-түлүк жана кийим-кече, ал эми коргоо өнөр жайын стратегиялык чийки заттар менен камсыз кылып турган. Эмгек фронтунда каармандык менен иштеген элибиз душманды талкалоого жана Жеңишке жетишүүгө баа жеткис салым кошкон. Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта Жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз. Согуш ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин дайыма камкордукка алып, көңүл буруу жана алардын эрдигин унутпай сактоо – биздин ыйык милдетибиз", – деген Жапаров.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, оорукта иштегендердин каармандыгы кийинки муунга чоң жоопкерчиликти жүктөөрүн айткан.
"Бул Улуу Жеңишке Сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз", – деп белгилеген ал.
Жапаров ардагерлерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0