https://sputnik.kg/20210504/chak-tushto-17-zhashtagy-ulandy-uurdashkan-1052382759.html
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте уланды уурдоого шектелип үч адам кармалган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө башталгандыгы кабарланды. 04.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-04T12:15+0600
2021-05-04T12:15+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
окуялар
бишкек
өспүрүм
адам уурдоо
милиция
https://sputnik.kg/img/103956/51/1039565135_0:214:4760:2905_1920x0_80_0_0_68dea35dbf0219fd5bac9f156b8bde7f.jpg
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарында кечээ 17 жаштагы уланды күч менен автоунаага салып уурдап кетишкен. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.Окуя болжол менен 16:40тар чамасында болгон. Милициянын 102 кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө жашы жете элек баланы уурдап кетишти деген кабар түшкөн.Кайгуул милициясы айтылган жерге келип ак автоунаачан белгисиз адамдар 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу уланды уурдап кетишкендигинен маалымдар болгон.Аталган факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103956/51/1039565135_0:64:4760:3056_1920x0_80_0_0_40d625697bec2d0ab786be25a6ae623a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, бишкек, өспүрүм, адам уурдоо, милиция
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, бишкек, өспүрүм, адам уурдоо, милиция
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү
12:15 04.05.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) Бишкекте уланды уурдоого шектелип үч адам кармалган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө башталгандыгы кабарланды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарында кечээ 17 жаштагы уланды күч менен автоунаага салып уурдап кетишкен. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуя болжол менен 16:40тар чамасында болгон. Милициянын 102 кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө жашы жете элек баланы уурдап кетишти деген кабар түшкөн.
Кайгуул милициясы айтылган жерге келип ак автоунаачан белгисиз адамдар 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу уланды уурдап кетишкендигинен маалымдар болгон.
"Көп өтпөй эле бул окуяга шектүү делген үч киши кармалды. Тартип сактоочулар издөө иштеринен кийин 30 жаштагы С.И., 24 жаштагы У.К., жана 29 жаштагы А.Н. аттуу адамдарды бул окуяга шектүү катары кармап, милиция бөлүмүнө алып келди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.