Ашар жолу менен салынган. Кант — Токмок темир жолунун курулушу сүрөттө

Жазылуу
Мындан 80 жыл мурун апрель айынын соңунда Кант менен Токмок шаарларын байланыштырган темир жол ишке берилген. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол кезеңдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

Азыркы Кыргызстандын аймагында совет бийлиги орногон жылдары калкты транспорт, электр энергиясы, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарыл болгон. Бийлик ошол жылдары автоунаа, темир жолдорду курууга, ички каттамдарды жолго салууга катуу аракет көрүп ири каражат жумшай баштаган. Анткени ат араба, автомашина, темир жолдорду жакшыртуу аймактагы элдин социалдык-экономикалык абалына түздөн-түз таасир эткен.

Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Айтматова менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...
Кант — Рыбачье темир жолунун бир бөлүгү болгон аталган тилкеде курулуш башталганда цемент, рельс, темир, тактай ири көлөмдө түшүрүлгөн. Жол боюнда ондогон боз үй, чатырлар тигилип, куруучулар үчүн ашкана, мончо, жатакана, кампа салынган. Жалпы Кант — Токмок темир жолун салууга 10 миллион рубль бөлүнгөн. Күн сайын ага 11 миңдей тургун катышып, алар бир жуманын ичинде 210 миң куб метр көлөмдөгү казуу иштерин жүргүзүп, 40 чакырым узундуктагы жолду рельс салууга даярдашкан.

Ашар жолу менен соңуна чыккан мээнеттин аркасында поезддер Фрунзе шаарынан Токмок шаарына түз келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Кийин Токмок — Быстровка (азыркы Кемин шаары), Быстровка — Рыбачье (азыркы Балыкчы шаары) темир жолдору салынган.

Учурда Кыргызстандын 424,6 чакырым темир жолу бар, алар коңшу Казакстан, Өзбекстандын аймактарына жетет.

© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Темир жол ашар жолу менен салынып, ага күн сайын 11 миңдей тургун кол кабыш кылган
Темир жол ашар жолу менен салынып, ага күн сайын 11 миңдей тургун кол кабыш кылган - Sputnik Кыргызстан
1/11
Темир жол ашар жолу менен салынып, ага күн сайын 11 миңдей тургун кол кабыш кылган
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Дөң-Алыш айыл чарба артелинин колхозчусу Өмүрзак Исмаилов курулуш маалында
Дөң-Алыш айыл чарба артелинин колхозчусу Өмүрзак Исмаилов курулуш маалында - Sputnik Кыргызстан
2/11
Дөң-Алыш айыл чарба артелинин колхозчусу Өмүрзак Исмаилов курулуш маалында
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Жаңы темир жол түшө турчу жолду даярдаган тургундар
Жаңы темир жол түшө турчу жолду даярдаган тургундар - Sputnik Кыргызстан
3/11
Жаңы темир жол түшө турчу жолду даярдаган тургундар
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Ал кезде аймактагы ишкана, мекемелер ички каттамдарды жакшыртууга муктаж болгон
Ал кезде аймактагы ишкана, мекемелер ички каттамдарды жакшыртууга муктаж болгон - Sputnik Кыргызстан
4/11
Ал кезде аймактагы ишкана, мекемелер ички каттамдарды жакшыртууга муктаж болгон
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Жергиликтүүлөр бир жуманын ичинде 210 миң куб метр көлөмдөгү казуу иштерин жүргүзгөн
Жергиликтүүлөр бир жуманын ичинде 210 миң куб метр көлөмдөгү казуу иштерин жүргүзгөн - Sputnik Кыргызстан
5/11
Жергиликтүүлөр бир жуманын ичинде 210 миң куб метр көлөмдөгү казуу иштерин жүргүзгөн
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Темир жолдун курулушу элдин жашоо шарттына өз таасирин тийгизген
Темир жолдун курулушу элдин жашоо шарттына өз таасирин тийгизген - Sputnik Кыргызстан
6/11
Темир жолдун курулушу элдин жашоо шарттына өз таасирин тийгизген
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Темир жолдун курулуп колдонууга берилиши карапайым эл үчүн чоң майрам болгон
Темир жолдун курулуп колдонууга берилиши карапайым эл үчүн чоң майрам болгон - Sputnik Кыргызстан
7/11
Темир жолдун курулуп колдонууга берилиши карапайым эл үчүн чоң майрам болгон
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Темир жол станциясында иштеген келин иш маалында
Темир жол станциясында иштеген келин иш маалында - Sputnik Кыргызстан
8/11
Темир жол станциясында иштеген келин иш маалында
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Фрунзе шаарындагы темир жол вокзалы
Фрунзе шаарындагы темир жол вокзалы - Sputnik Кыргызстан
9/11
Фрунзе шаарындагы темир жол вокзалы
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Өлкөнүн темир жолунун келечегин ойлогон тургундардын катарында келин-кесек дагы болгон
Өлкөнүн темир жолунун келечегин ойлогон тургундардын катарында келин-кесек дагы болгон - Sputnik Кыргызстан
10/11
Өлкөнүн темир жолунун келечегин ойлогон тургундардын катарында келин-кесек дагы болгон
© Фото / предоставлено ГП НК "Кыргыз темир жолу"Учурда Кыргызстанда узундугу 424,6 чакырымдай темир жол бар
Учурда Кыргызстанда узундугу 424,6 чакырымдай темир жол бар - Sputnik Кыргызстан
11/11
Учурда Кыргызстанда узундугу 424,6 чакырымдай темир жол бар
Жаңылыктар түрмөгү
0