Бош орун азаюуда. Бишкекте COVID жуктургандарды дарылаган ооруканалар

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүп, ооруканалардагы бош орундардын саны кыскара баштаган.
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган үч ооруканада 45 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Бош орундардын саны күн сайын кыскарууда. Алсак 6-апрелге карата 65 орун бош болсо, андан мурунку күнү үч ооруканада 77 орун бар эле.
Ал эми 7-апрель саат 8:00гө карата 45 гана бош орун калган. Алар:
  • Улуттук хирургия борборунда — 6;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 27;
  • №2 клиникалык төрөт үйүндө — 12.
Өткөн суткада Кыргызстанда 161 киши коронавирус жуктуруп, үч бейтап каза тапкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0