https://sputnik.kg/20210407/kyz-ala-kachuu-uurdoo-miliciya-1052034098.html
Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды эки күндөн бери издеп жатат
Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды эки күндөн бери издеп жатат
Sputnik Кыргызстан
Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган. 07.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-07T14:18+0600
2021-04-07T14:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
кыз ала качуу
милиция
бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
https://sputnik.kg/img/104829/60/1048296021_0:98:1920:1178_1920x0_80_0_0_f5c1b562d757894fdb4cd1d230620c78.jpg
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Милиция Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кетти деген 27 жаштагы кызды эки күндөн бери издөөдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.Аталган факт Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган. Кыздын жакындары милициядан издөө иштерин тездетүүнү өтүнүүдө.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104829/60/1048296021_110:0:1811:1276_1920x0_80_0_0_8d06660dd19caa9ac16374d8f6eb72d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, кыз ала качуу, милиция, бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, кыз ала качуу, милиция, бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды эки күндөн бери издеп жатат
14:18 07.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Милиция Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кетти деген 27 жаштагы кызды эки күндөн бери издөөдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин
видео байкоосуна тартылып калган.Аталган факт Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган.
"Учурда кыздын жана аны ала качып кетти делген белгисиз адамдардын кайда экенин тактоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирмеде.
Кыздын жакындары милициядан издөө иштерин тездетүүнү өтүнүүдө.