Быйылкы орозонун так датасы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековНамаз учурунда кишилер. Архив
Намаз учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Муфтият тараткан билдирүүдө Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде орозо айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозонун так датасы белгиленгенин кабарлады.
Муфтият тараткан билдирүүдө, Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде рамазан айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген. Башкача айтканда, 13-апрелге караган таңда ооз бекитилет.
Муфтият быйыл Орозо айы 13 же 14-апрелге туш келерин айткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги Орозонун календарын жарыялады.
Жаңылыктар түрмөгү
0