Бишкекте кичинекей бала үчүнчү кабаттан кулап кетти

© AFP / HUSSEIN FALEHТерезеде турган бала. Архив
Терезеде турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Окуя шаардын Ленин районунда катталган. Кулап кеткен бала шаардагы №3 клиникалык балдар ооруканасына жеткирилди.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда жаш бала көп батирлүү үйдүн үчүнчү кабатынан кулап кетти. Маалыматты Бишкектин медициналык тез жардам борборунан тастыкташты.
Кырсыкка кабылган бала тезинен ооруканага жеткирилген.
"Бала №3 клиникалык балдар ооруканасына жаткырылды. Баш мээси чайкалып, ичинен жаракат алган", — деп билдирди борбордун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов.
Алынган маалыматтарга ылайык, бала алты жашта. Кырсык болгон маалда ал батирде жалгыз болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0