https://sputnik.kg/20210320/tazhikstandyktar-taktalbagan-chek-ara-tilkesine-shagylga-kelgen-1051845816.html
Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес
Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген кишилер тилкеден чыгып кеткен. 20.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-20T21:03+0600
2021-03-20T21:03+0600
2021-12-15T22:51+0600
жаңылыктар
кыргызстан
азия
дүйнөдө
окуялар
тажикстан
чек ара
шагыл
талап
чек арачы
https://sputnik.kg/img/101583/61/1015836128_0:260:2500:1666_1920x0_80_0_0_f3438c5e18fbb75b28ee5dbb5f5ab8d7.jpg.webp
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн Лейлек районунун Кулунду айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан "Плотина" деп аталган такталбаган тилкеге тажикстандыктар шагыл алганга кирген. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген кишилер казуу иштерин токтотуп, атайын техникаларын алып чыгып кеткен.УКМКдан азыр кыргыз-тажик чек арасында абал тынч деп билдиришти.Эске салсак, жакында Тажикстандын Кожент шаарында 15-18-мартта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулган.Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитацияланбаган тилкелердин айынан маал-маалы менен эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып турат. Тараптар СССР тарагандан бери 70ке чукул тилкенин тагдырын чече албай келет.
https://sputnik.kg/20210315/tashiev-kyrgyz-tazhik-chek-arasy-ujlor-buzulat-1051777147.html
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101583/61/1015836128_279:0:2500:1666_1920x0_80_0_0_b5e7788f63bca3e0ea8ccb174442e42a.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, окуялар, тажикстан, чек ара, шагыл, талап, чек арачы
жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, окуялар, тажикстан, чек ара, шагыл, талап, чек арачы
Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес
21:03 20.03.2021 (Жаңыртылды: 22:51 15.12.2021) Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген кишилер тилкеден чыгып кеткен.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн Лейлек районунун Кулунду айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан "Плотина" деп аталган такталбаган тилкеге тажикстандыктар шагыл алганга кирген. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Тажикстан жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкеде "Плотина" аталышындагы жердеги Сай суусуна атайын техникалар менен кирип, шагыл каза баштаган. Кыргызстандын чек ара отрядынан келип Тажикстан жарандарын шагыл казууну токтотууну талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген кишилер казуу иштерин токтотуп, атайын техникаларын алып чыгып кеткен.
УКМКдан азыр кыргыз-тажик чек арасында абал тынч деп билдиришти.
15 Жалган Куран 2021, 16:26
Эске салсак, жакында Тажикстандын Кожент шаарында 15-18-мартта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитацияланбаган тилкелердин айынан маал-маалы менен эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып турат. Тараптар СССР тарагандан бери 70ке чукул тилкенин тагдырын чече албай келет.