Бет каптар микроскопто кандай көрүнөт жана кайсынысы жакшы коргойт. 8 сүрөт
Бет каптар микроскопто кандай көрүнөт жана кайсынысы жакшы коргойт. 8 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бет каптардын кайсы түрү сизди инфекциядан жакшы коргойт жана алар микроскоптон кандай көрүнөрүн Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн баам салсаңыз болот. 17.03.2021, Sputnik Кыргызстан
Бет каптардын кайсы түрү сизди инфекциядан жакшы коргойт жана алар микроскоптон кандай көрүнөрүн Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн баам салсаңыз болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пандемия абалын жарыялаганына бир жылдан ашык убакыт өтүп калды. Абадагы вирустардан коргонуунун негизги жолдорунун бири катары адамдарга бет кап тагынуу сунушталган.
АКШдагы Смитсоновский институтунун окумуштуулары менен Стандарттар жана технологиялар боюнча улуттук институттун адистери бет каптын кайсы түрү адамды жакшы коргой аларын текшерип көрүштү.
Жыйынтыгында нымдуулук көп болгон учурда пахтадан жасалган бет кап синтетикадан тигилгенине караганда 33 пайызга көбүрөөк коргой турганы аныкталды.
Адистер кайсы бет кап микроскоптун алдында кандай көрүнөрүн сүрөткө тартып алышкан.
Адистер нейлон, полиэстер, вискоза сыяктуу синтетикалык кездемелерден тигилген бет каптарды дагы текшерип көрүштү. Бири дагы коргоо жагынан пахта кездемесинен тигилген бет каптан артык боло алган жок