Суу астындагы кооздук. Эл аралык фотосынактагы 15 мыкты сүрөт
Суу астындагы кооздук. Эл аралык фотосынактагы 15 мыкты сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Underwater Photographer of the Year 2021 эл аралык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка 68 өлкөнүн фотографтары тарабынан суунун алдынан... 25.02.2021, Sputnik Кыргызстан
Сынактын баш байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал Франциядагы Полинезия аймагына күн баткан учурда суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактардын сүрөтүн тартып алууга жетишкен. Рене бул жеңиши менен Британияда жыл сайын өтүүчү абройлуу сынактын жеңүүчүсү деп табылган биринчи аял фотограф болгон.Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн калыстар тобу тандап алган эң мыкты эмгектерди көрүңүз.
Underwater Photographer of the Year 2021 эл аралык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка 68 өлкөнүн фотографтары тарабынан суунун алдынан тартылган 4500 эмгек түшкөн. Катышуучулар бир нече номинациялар боюнча ат салышкан.
Сынактын баш байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал Франциядагы Полинезия аймагына күн баткан учурда суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактардын сүрөтүн тартып алууга жетишкен. Рене бул жеңиши менен Британияда жыл сайын өтүүчү абройлуу сынактын жеңүүчүсү деп табылган биринчи аял фотограф болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн калыстар тобу тандап алган эң мыкты эмгектерди көрүңүз.
Сынактын башкы байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактарды сүрөткө тартып алган (Франция)
Сынакка келип түшкөн норвегиялык Гаолис Харроунун сүрөтү "Макро" номинациясындагы сыйлыкка татыган. Ал өзүнүн эмгегин "Атка окшогон деңиз эргежээли" деп атаган
Бул сүрөттү британиялык Кирсти Эндрюс Шотландияга жакын Мулл кысыгында чөгүп кеткен шведдик SS Hispania буу кемесинин ичинен тартып алган. Бүгүнкү күндө суу астындагы бул кооздук дүйнөнүн чар тарабынан миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат
Америкалык фотограф Карим Элайжа бул сынакта эки байгени алды. Анын "Мексикада жогорку ылдамдыкта аңчылык кылган чаар марлин" аталышындагы сүрөтү "Кылык-жорук" номинациясында байгеге татыган
Ошондой эле анын дагы бир эмгеги "Деңиз чөйрөсүн сактоо" номинациясында мыкты деп табылды. Бул жолу ал Панаманын Гуна-Яладагы калкы көп аралды бийиктиктен тартып алган