СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөмүш Океев кезинде "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш", "Сүйүү закымдары" тасмаларын жаратып, кыргызды дүйнө элине тааныткан.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар режиссёр, мыкты инсан тууралуу 9 фактыны сунуштайт.
Желкеден алып сүйрөп чыккан. Аринбасарова менен Океевдин таберик сүрөтү
Балким инженер-геолог болмок. Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Окей белгилүү санжырачы, энеси дүкөнчү эле. Жайлоодо боз үйдө төрөлүп, балалыгы согуштун оор жылдарына туш келген. Алгач өспүрүм инженер-геолог болгусу келчү. Кийин киного кызыгып, он чакырым алыстыктагы райондук борборго жөө кино көргөнү келип, кайра түн ортосунда үйүнө жөө кетчү экен. Кийин Фрунзе шаарына келип, А.С. Пушкин атындагы №5 мектепте окуган.
Атактуу Гайдай менен иштешкен. Орто мектепти бүткөн соң орус тилин оңураак билбеген жаш жигит Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп, үн режиссёр адистигине ээ болот. Барган сайын киного ышкысы артып, өз арабасын өзү тартып Москвага окууга тапшырып, жогорку режиссёрлук курсту бүтүрүп келет. Чыгармачылыкта жүрүп режиссёр Леонид Гайдайдын "Ы" операциясы" тасмасында үн режиссёр болуу бактысына туш болгон.
АКШда жүрүп Чокморовдун ден соолугун ойлогон Океев. "Уландагы" таберик сүрөт
Кыргызды далайга тааныткан тасмалар. "Жылкылар" аттуу даректүү тасмасы режиссёрдун биринчи эмгеги болсо, дипломдук иши "Бакайдын жайыты" болгон. Ал эмгеги дүйнөдөгү 100 мыкты кинонун катарына кирген. Дээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыттанып турган. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат.
Улуу устат, күчтүү режиссёр. Киночулар арасында сөзү күчтүү болчу жана жаштарга кеп-кеңешин аячу эмес. Айрым учурда кесиптештеринин ортосундагы түшүнбөстүк, чыр-чатактарды өзү эле жайгарып койчу. Режиссёр Дооронбек Садырбаев да анын шакирттеринин бири.
"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар эс алууда. Таберик сүрөт
Саясатчы, элчи. 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланып, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Дипломатия кызматта жүргөндө өзүнүн харизмасы менен ийгиликтүү иштеп, кыргыз-түрк алакасынын башатында туруп, аны жолго салууга жигердүү эмгектенген. Чет элдик кесиптештеринин арасында кадыр-барктуу, таасирлүү адамдардын бири боло алган.
Бөтөн элде бааланган Океев. Кыргызстан көз карандысыз алгандан кийин Төлөмүш Океев мурдагы союздук республикаларга жана башка чет мамлекеттерге сыйлуу конок катары байма-бай чакырылып турган. Чет элдик кесиптештери менен дагы мамиле түзүп, КРден тасма тартууга аракет кылган. Алсак, акыркы "Чыңгызхан" тасмасын италиялыктар менен тарткан. Бирок, тилекке каршы, ал эмгек соңуна чыкпай, көрүүчүлөргө сунушталган эмес.
Океева: атам унутулуп баратат, жада калса Бишкекте эстелиги жок
Байбичесин эки өлүмдөн алып калган. Жубайы Жумаш Өмүрова Кочкордун кызы, мектепте бирге билим алышкан. Ленинградда окуп жүргөндө баш кошушкан. Жубайынын айтымында, Океев үй-бүлөдө абдан боорукер, камкор, баласаак жан болгон. Аялын эки жолу өлүмдөн алып калган. Биринчисинде ракка кабылганда дарылатса, экинчи жолу болгон оокатын сатып Германиядан боорун алмаштырып берген.
Кесипкөйлүктүн жемиши. 1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгын, 1972-жылы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болот. 2002-жылы 1-ноябрда "Кыргызфильм" киностудиясына Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган.
Бөтөн жердеги шум ажал. Режиссёр өмүрлүк жары менен эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Азиза Океева атасынын атындагы фондду түзүп, жетектеп келет. Кичүүсү Алима Океева дипломатия тармагында эмгектенсе, уулу Искендер музыкант. СССРдин эл артисти 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.